Анекдот - кыргызча

ОРТ менен КТР эле тартат

Нарындык адамдын Таластагы кудаларынан бири каза болуп, Таласка барышат. Антип-минтип отуруп кудаларды тамакка чакырат. Колго суу куйула баштайт. Нарындан келген кудалар колго суу куюп жаткан баладан:
– Я балам, бу силерде «уча» (эн сыйлуу устукан) тартабы? деп сурайт. Бала унчукпайт.
– Суун абдан жакшы экен, силерде уча тартабы- деп кайра сурайт. Бала эки жагын карап унчукпайт.
– Ой бала! Бу силерде уча тартабы дейм?!
– Байке, бизде ОРТ менен КТР эле тартат- деген экен.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!