Анекдот2

Рейхстагды ордуна коюп койгула!

Тарых сабагы.
Мугалим:
– Кана балдар, Рейхстагды ким алган?
Жымжырт. Ар бирин бирден сурайт. Баары бир ооздон “Мен алган эмесмин” дешет.
Ачууланып, ыза да болгон эжей директорго кирет:
– Агай, болду жетишет. Мен 7-класска сабак өтпөйм. Рейхстагды ким алган десем бири да жооп бербейт.
Директор жүрү – деп эжейди ээрчитип класска кирет да:
– Кана староста, Рейхстагды ким алганын билесиңби?
– Билбейм агай.
Анда директор дагы эки-үч окуучудан сурайт.
Ошол эле жооп.
Директор:
– Баарыңарга эскертүү, сабактын акырына чейин убакыт силерге! Кимиңер алган болсоңор да Рейхстагды ордуна коюп койгула!

 

Нравится

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!