Окуялар

Ким бактылуу…

🍃КИМ БАКТЫЛУУ…✍

Күндөрдүн биринде Бакыт токойдо кетип баратып бир аңга түшүп кетет. Андан чыга албай ыйлап олтурса, ал жерден бир адам өтүп калат. Сүйүнгөн Бакыт ага кыйкырат:

– Боорукер адам! Мени аңдан чыгара көр!

– А сен кимсиң? – деп сурайт ал адам.

– Мен Бакытмын!

– А сен мага эмне бересиң? – деп сурайт кайра ал адам.

– А эмнени каалайсың?

– Мен терезеси деңизди караган чоң үйлүү, анан көп акчалуу болууну каалаймын!

Бакыт анын каалоосун орундатат. Сүйүнгөн адам Бакытты унутуп коюп чуркаган боюнча кетет. Бакыт ал жерде кайрадан ыйлай баштайт, бир убакта ал жерден дагы бир адам өтүп калат. Бакыт ага да куткарып коюуну суранып кыйкырат:

– Боорукер адам, мени чыгарып койчу мындан!

– Ал үчүн сен мага эмне бересиң? – деп сурайт адам.

– А сен эмне каалайсың?

– Мен өтө кымбат, кооз унаалардын ээси болгум келет. Ар кандай түрдөн болсун.

Бакыт анын талабын орундаткандан кийин, ал адам да убадасы тууралуу унутуп коюп чуркап кетет. Үмүтү үзүлгөн Бакыт дагы ыйлап олтурат. Ошол учурда дагы бир адам ал жерден өтүп бараткан болот. Бакыт ага да куткарып коюуну өтүнүп кыйкырат. Ал адам Бакытты андан алып чыгат да, өз жолун улайт. Аңдан чыкканына сүйүнгөн Бакыт тигил адамдын артынан чуркап барып, бул кылган жакшылыгы үчүн эмне кааларын сурайт.

– Мага эч нерсенин кереги жок. Өз оокатым өзүмө жетет. Мен кылган жакшылыгым үчүн акы албаймын, – деп, тигил адам жолун улайт.

– Анда мен өмүр бою сени менен бирге боломун. Колунда болгон нерсеге шүгүр кылган адам эч качан байлык үчүн, бийлик үчүн бирөөнү жамандыкка таштабайт, – деп, Бакыт өмүр бою ал адамдын жанында калган экен.

… Ооба, ар ким бактылуулукту ар башка түшүнөт: Бирөө байлыктан, бирөө бийликтен, бирөө ден соолуктан.

… Бирок, байлыгынан башы айланып, бийликтин жибин билегине байлатып турганы менен жан дүйнөсү жарды бойдон кала берсе – бул абал толук бактылуулукту бере албайт.

…Бактылуу болуңуздар!

Эч бир адам өз маңдай тери менен тапкан ырыскысынан жакшысын тапкан эмес. (Хадис).

Эң бактылуу адам – бул бакытка муктаж болбогон адам. (Сенека).

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!