Анекдот - кыргызча

Мээмди ачытып таштадың!

Жаш жигит асынып өлөм деп, колуна жип алып, токойго карап бет алыптыр. Ага бир карыя жолугуптур. Бейтаныш жигиттин жүзүнө үңүлгөн чал: – Жүзүң жабыркалуу го. Не болду? – деп сураптыр. Жигит: – Үй-бүлөмдө оор жагдай орун алды. Мен өлүүгө бел буудум, асынып өлөм – дейт. Кандай жагдай болсо да, чечүүгө боло турганын айткан карыя, жигитти сөзгө тартып, сөзүнө кулак салды… – Мен бойго жеткен кызы бар, жесир аялга үйлөнгөн элем. Анан өз атам аялымдын кызына ашык болуп, экөө үйлөнүп алды. Ошентип, атам өгөй кызымдын күйөөсү болду. А мен – атамдын кайын атасы болдум. Эми, аялым бир бала төрөсө, ал – атамдын небереси болмок. Өз кезинде, менин балам – атамдын аялынын бир тууганы болот. Негизинде, ал – менин балам. Атамдын аялы – бир бала төрөсө, ал – менин иним болот жана неберем болот. Анткени, ал – аялымдын небереси го! Аялым – инимдин тайэнеси болот. А менин балам атамдын баласынын иниси болот. Анын кызына атамдын аялы жеңе болот. Жеңеси менин кызым болот. А менин аялым атамдын аялына – … дей бергенде алиги карыя, жигитти токтотуп: – Эээ кетчи э… өляяя, бар асылылып өлчү! Мээмди ачытып таштадың! – деп, жолго салыптыр🤣🤣🤣😂😂😂

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!