Беш аял менен ким уктайт?
Кичинекей жаш бала апасына келип
– Апа, мен чоңойгондо 5 аял алам. Бирөөсү тамак жасайт, бирөөсү кир жууйт, бирөөсү үйдү жыйнайт.
Анда апасы:
– Бирөө сени менен уктайт, десе
– Жоок, мен СИЗ менен уктайм, дептир.
Анда апасы көзүнө жаш алып,
– Тилегине жет айланайын, бирок тиги бешөө менен ким уктайт? десе
Анда баласы:
– Атам турат го, алар менен атам уктайт, дептир.
Ары жакта турган атасы көзүнө жаш алып,
– Тилегиңе жет балам, деген экен.
~~~~~ «Anekdot.Online» – КыРгЫзЧа АнЕкДоТтОр ДүЙнӨсҮ – «Anekdot.Club» ~~~~~