🌟🌟🌟
Отукчу каза болуп калат…
Аялы далдыраган байкуш экен , эмне кылаарын билбейт…кошуна колондор келишип : – ой , кошок кошпойсунбу , алда немедей куйоон олуп атса…!? Дешип тегеректешет.
Тиги байкуш : – кошогунар эмне…!?? Десе , – ой , куйоондун жаман , жакшы жактарын айтып эскергенче ыйлай бер…!! Дешип коншу аялдар кенеш беришет ,
Тиги байкуш макул болуп , баштады дейт….
– оо, торкундон келген торпогум ,
Уй болгондо олсончу ,
Жарты канат кереге ,
Уй болгондо олсончу…
Жарма ачытаар челек жок ,
Же , талкан элеер элек жок ,
Олуктиригинди гана коройун ,
Сен , кудайды карап олсончу… !!! – деп баштайт ,угуп турган аялдар , — а- ай , андай эмес Кокуй , кылыктарын айт , кылыктарын….!! – дешсе тиги : – отугумду жамачуу…
Окуртуп мени сабачуу…
Батинкемди жамачуу ,
Бакыртып мени сабачуу ,
Колошумду жамачуу ,
Кочуко тееп сабачуу ,
Танкеткамды жамачуу ,
Талкалап жаман сабачуу ,
Сапожкамды жамаган ,
Самагон ичсе сабаган ,
Аракты корсон жутундун ,
Аябай жакшы кутулдум…
Тамеки десе жутундун ,
Таптаза сенден кутулдум…
Ырас олдун …кокуу – уй….
Эми , мага по х….!!! Дейтмиш.🤣🤣🤣🤣🤣
😀😀😀😀😀
Айбанаттардын баары чогулуп вечеринка кылышмак болуп дуконго ташбаканы жиберишет. Кутуп отурушса баягы ташбака жок дейт, чыдабаган карышкыр: азыр Таке келсе айрыйм! Десе эшиктен чыгып бараткан ташбака: анда озун бар! деп барбай койуптур.😂🤣🤣🤣
😀😀😀😀
🤣
Илгерии,илгери Кудай адамды жаратыптыр да. Анын артынан тоо-таш,чөп-чар,суулардын баарын жаратат экен. Жан-жаныбарлардын баарын түгөйү менен жаратыптыр. Бир гана адам жалгыз,караса баары эле түгөйлөрү менен. Жалгыздыктан тажаган адам кудайга барып суранат экен: “Оо,Кудай мага да түгөй бер,баары түгөйлөрү менен мен гана жалгыз. Тажадым!” деп. Кудай макул болуп аялды жасап баштайт экен. Жасап бүтүп өзүнө жакпай калат,кайра бузуп салат. Кайра жасайт,жактырбай кайра бузат. Эркектей сулуу кыла албай коет,эркекти караса чекчейген татынакай,сулуу,бой десе бой,мүчө десе мүчөсү келишкен. Аялды андай сулуу кылып жасай албай коет. Улам жасайт,улам бузат. Он чакты жолу жасап кайра бузат. Акыры тажап кеткенинен: ” Ээ болдучу,боенуп алат!” дептирда. Ошондон баштап аялдар сулуу болуш үчүн боенуп калышыптыр.🤣🤣
😀😀😀😀
🤣🤣🤣🤣🤣🤣
Бир аял баласын эми уктатып чыкса, телевизордон футбол көрүп аткан күйөөсү-:
-Ой, бол, тез, тез чурка эми, ииии, Ваай атаңын көру, кач, кач тоспооо, иии во, во Гоооол- деп кыйкырып баласын кайра ойготуп жиберет..Кайра уктатса кайра ойготот. Жини келген аялы: –
-Алар сени укпайт..сен үйдө отурасың, алар деген Аргентинада. Опеей өлөт экен эми, өпкөсү үзүлө кыйкырып.. Баланы ойготтуң, …
-Күйөөсү аялын бир карап алгыча тиякта “гоол” деп ызы чуу болуп калат. Жини келген күйөөсү аялын бир койот дейт:-
-Энеңди урайын, каяктан келе калдың эле, ана тигилер гол киргизип кетти – деп.
Эси ооган аялы: –
– Байкуш, дарбазачы сен белең? Мен тептимби топту? деп жини келе отуруп калат. Аңгыча телефон шаңгырап кайниси күйөөсүн сурайт:-
– Жеңе, байкем каякта?
– Аа, ал Аргентинада?
-Эмне? Опей, качан кетти?
-Футбол башталганда эле, дарбазачы жетишпей алып кетишкен деп коёт дейт😂😂😂🤣🤣🤣
😀😀😀😀