Өзбек, орус, кыргыз үчөөн тыңчылыкка даярдап, аларды сынамак үчүн жашыруун кодду жаттатышат. Андан соң үчөөнөн кыйнап сурак ала башташат. 3 ирет таяк жеген соң өзбек тууган кодду айтып салат. Орус да кыйноого чыдабай айтып коёт. Кыргыз ишенимдуу чыгып күнү-түнү кыйнашса да айтпай коюптур. Жетекчилер кыргызды караңгы бөлмөгө камап аңдып турушат. Байкуш кыргыз “Кодду эсте, акмак!” деп башын ургулап атат имиш.
Пикир калтыруу