Касап адвокатка келиптир:
– Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
– Ал иттин ээсин билесизби?
– Ооба.
– Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн… Иттин ээси ким?
– Ал сиздин итиңиз болчу…
– Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
– 3 кг. 450 сом болот…
– Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот… Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
0 2 802 Время чтения меньше минуты