Анекдот - кыргызча

Күйөө деген ким?


Күйөө деген — эки ирет чалганда жооп берип үлгүрбөсөң, “10 жолу чалсам албайсың, жооп бербегенден кийин андай телефонду ыргытып ийиш керек да!” деп нерв болгон адам;

Күйөө деген — дал бутунун үстүндө турган токко телефонун зарядка коюуудан зеригип, “телефонуму сайып койчу” деп сага буйрук берген адам;

Күйөө деген — өмүрүңдө гүл алып бербедиң деп таарынсаң: “Не кыласың гүлдү? Баары бир соолуп калат, мен өзүм сага гүлмүн”,- деп оңой кутулган адам;

Күйөө деген —тамак бышкыча: “Качан бышат, качан бышат?” – деп кухняга жаныңа келе берип, тамак дайын болгондо: “азыр, азыр мына” деп залда жатып алган адам;

Күйөө деген — күнү бою каяка барууң керек экенин кайра-кайра эскертип жүрсөң да, “мен кеттим” деп чыгып бара жатсаң:”Каяка барасың?” – деп сураган адам;

Күйөө деген — бир жакка чыгып бир аз кечиксең: “Үйүң, бала-чакаң барбы сенин? Тез кел! Ар он мүнөттө звандай берген адам;

Күйөө деген — сенин ата-энең келгенде өтө мээримдүү, койдон да жоош боло калган адам;😅

..Улагыла:

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!