Аралаш темада

Автобуста бир келин

Күндөрдүн биринде өз жумуштарым менен облустук
шаарга жөнөп калдым,
Маршрутка менен барууга туура келди,
Көп күтпөдүм маршруткам бат эле келди, кирдим,
карасам Адам көп анан да орундук жок.
Элге тыгылбайын дедим да, асты тарабынан эшиктин
жанында туруп кеттим.
Ошентип бир кыйла жол жүрдүк шаарга жакын калган аялдамадан бир келинден “биз
түшүп калалы”-деген үн чыкты.
Ошол замат айдоочу токтотту, алар сыртка түшүү үчүн мен жолду бошотуп, түшүп туруум керек.
Мен түштүм, күтүп турсам 3-4 жаштагы жаш баласы түштү, артынан келин өзү колунда
аллейи жетелегени да бир баласы бар, (уч баласы) эми
түштү деп жатсам кайра артына кайрылып чоң
көлөмдөгү баштыгын алды, ал баштыкта балдардын
кийим кечеси окшойт.
Мен кайра маршруткага чыктым да, алар кетип бара жатышса тиктеп калдым, колунда
аллей, жаңы эле басып калган баланы жетелеп баратат,
колунда чоң баштыкчасын кармаган, кийинкиси
3-4жашар бала.
Эми карасаң кыйынчылык аларды шагыратып ээрчитип жүдөп басып барат.
Мен өзүм көчөдө колумда баштыкча кармаганды жаман
көрчүмүн…
Ал эми ал келин 3 баласын ага кошумча бир баштыкты көтөрүп баратат.
Ошондо менин жүрөгүмө бир нерсе келип тызылдады ” бизди да энебиз бечара кай жактарга кыйналып,кысталып сабыр менен ээрчитип
алып барган ,энелерге тоодон бийик алкыш болсун”-
деген ойдо болдум. Ошондо кадыры билинди мен үчүн.
А биз эркектер келинчегибиз “төркүнүмө барып келейин” – десе “бар барып кел” деп кана койобуз, эми арасында
бар жеткирген үй бүлөөлөр бирок аз кездешет. Антип
ээрчитип жүдөп жүргөндү жаман көрөбүз, андай жүргөн
эмеспиз ошол үчүн кадырына жетпейбиз, болбосо ошол
аял сенин ыраахатың… ал эми ээрчигендер болсо сенин
кан жаныңан жаралган уул кыздарын болот. Көздү ачалы
мусулман бир туугандар энелерди Жана аялдарды
сыйлай билели, кайсыл жака барса шартты түзүп, оор
ишин жеңилдетип, узун жолун жакын кылалы. Азыр эмне көп? – техника көп. Өзүңдө болбосо бирөө жарымды, таксини жалдай кой себеби ал сенин үй бөлөөң, бакытын болот. Бейиш эненин таманында деп бекеринен айтылган эмес. Энелер үчүн көп жакшы иштерди
жасайлы көп-көп дуа кылалы! Анан да кадырына
жетели! Энелерибиз, айымдарыбыз бар болушсун ар дайым!!! Көңүл бурганыныздар учун Аллах ыраазы болсун !!!!Рахмат!!!!

“ыйман келтиргендердин эң жакшысы үй-бүлөөсүнө
(аялдарына) жакшы мамиле жасайт” (хадис)

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!