Аралаш темада

Энемди өлтүрдүм

💬 Окуя “Энемди өлтүрдүм

40 жылдан бери көзүмдөн жаш тынбайт, 40 жылдан бери ыйлап ибадат кыламын. Ар жылы ажылык кылып ихрам байлаймын мунун себеби бар. Мындан 40 жыл илгери рамазан айында үйгө мас акыбалда кирип келдим. Ушунчалык көп ичкен экенмин бутумда тура албай калыптырмын. Араң үйгө жетип келдим. Эмне деп сүйлөп жатканымды билбеймин. Эшикти ачып үйгө кадам таштадым. Ичкериде аялым нан жабуу үчүн тандырга от жагып жаткан экен. Мени мас акыбалда коруп:

-Ой Кудай ай! Бул эмне акыбал? Рамазанда да ичесизби? ичкериге кириңиз коңшуларга сөз болбойлу -деп мен ичкериге тарта баштады. Ачуум келди:

-Колунду тарт жогол көзүмдөн деп бакырдым. Ал мени дагы ичкериге тартты эле, мен аны өзүмдү билбеген абалда аны көк ала кылып токмоктоп салдым. Ызы чууну уккан энекем үйдөн жүгүрүп чыкты. Башында намаз окуганда оронуп алчуу чоң жоолугу, колунда таспи. Энекем каарып арыктап кеткен эле. Рамазан ичи ансайын арыктап кеткен эле. Мага колун шилтеп:

-Ичтинби?! Рамазанда да ичесинби? Сени жолдон урган досторуң өлсүн, рамазанда мас болбой өлүп кетпейсиңби… -деп каргай кетти.

-Өзүң өл деп энекемди бийик көтөрүп алоолонуп жанып жаткан тандыр ичине салып жибердим. Оозун катуу бекитип койдум. Аялымды болсо ичкерки бөлмөгө камап койгом. Кийин өзүмдү уйку баса баштады. Эртеси турдум аялым ыйлай бергенинен көзү шишип кетиптир. Үстүндө кара кийим кийип алган. Оюмда, байкуш энекем каарып арыктап калган эле, рамазан ичи бир нерсе болуп кеттиби деген ой келди.

-Тынч элеби эмне болду, энем кана? -дедим.

-Энекеңиздин кай жакта экенин билбейсизби? -деди

-Жок билбеймин.Энем кана? Оо энеке… Оо энеке… деп энем жаткан бөлмө тарапка, олтурган жеримден кыйкара баштадым. Оюмда: -“Азыр балам эки рекет сүннөт окуп алайын” дегендей болду. Бирок бул оюмду аялымдын мындай деген сөзү жокко чыгарды:

-Кечээ мас акыбалда келип энекемди тантырга салдыңызго, дуа кылуучу, намазкан энекемди өлтүрүп койдуңузго -деди. Башыма чагылган түшүп, жүрөгүм уруштан токтогондой болду.

-Сен жалган айттын. -деп кыйкырып жибердим. Энемдин жаткан бөлмөсүнө жүгүрдүм, жайнамазы салынуу, Кураны ачык эле, демек энем ушул жерде. Алыска кетсе Куранды жаап кетеер эле.
Оо энеке… Оо энеке деп кыйкыра баштадым. Жооп болгон жок. Аялым көз жашын тыя албайт эле. Тандыр астына бардым. Эң өкүнүчтүүсү тандыр астында энемдин тасписи жана чон жоолугу жатаар эле.
Арак инсанды эмне акыбалга алып барды?

Ошондон бери көзүмдөн жаш тынбайт. 40 жыл болду тообо кылып көз жаш менен ибадат кылам. Ар жылы ажылык кыламын. Энем үчүн ажылык кылып, акысына дуа кылып эртели кеч истифарлар айтамын. Энем атынан садакалар кыламын, баардык жакшылыкты калтырбай жолдоп турамын жана ошондой эле ага жетип баруучу сооптуу амалдарды издеймин.
Урматтуу мусулман бир туугандар балким токтотоорсуңар!!!

<> сайты

📚” САБАК АЛУУЧУ ТААСИРДУУ КЫССАЛАР ЖАНА ОКУЯЛАР ” китебинен.

📝Тузгон : Осконов Султан

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!