Аралаш темада

МУГАЛИМ ЖАКТЫРБАГАН ОКУУЧУНУН БАЯНЫ

МУГАЛИМ ЖАКТЫРБАГАН ОКУУЧУНУН БАЯНЫ

Интернет булактарынан алынды

УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС!

Окуу жылынын башында алтынчы класстын класс
жетекчиси өзүнүн мурунку бешинчи классындагы
окуучуларынын маңдайында турду. Мугалим эже
окуучуларына бир сыйра көз жүгүртүп алып, алардын
баарын бирдей жакшы көрөөрүн жана алар менен
кайрадан жолукканына кубанычта экенин айтты. Бирок,
мугалимдин сөздөрү чындыкка коошпойт эле. Анткени,
алдыңкы парталардын биринде кымырынып, кысынып,
өзүн ээн-эркин алып жүрбөгөн жүдөө окуучуну мугалим
эже жакшы көрчү эмес. Бул окуучулар менен мугалим
эже былтыркы окуу жылында, алар бешинчи класс
кезинде таанышкан.

Былтыр эле бул окуучу классташтары менен чогуу
ойнобогонун, эч качан жуунбаган сымалданып, андан
жагымсыз жыт уруп тураарын мугалим эже байкаган.
Натыйжада, убакыттын өтүшү менен мугалимдин бул
окуучуга болгон мамилеси уламдан улам начарлап, ал
тургай, окуучу жазган жат жазууларды кызыл сыя менен
чийгилеп, ага “эки” да эмес, “бир” деген бааны коюп
салгысы келип кетчү. Бир жолу мектептин окуу
бөлүмүнүн башчысы класстагы окуучулардын биринчи
класстан берки мүнөздөмөлөрүн талдап чыгууну суранат.
Класс жетекчи эже өзү жактырбаган окуучунун
документтери тиркелген папкени атайылап эң артка
жылдырып коет. Башка окучулардын документтери
менен таанышып бүтүп, акырында бул окуучунун
документине кезек жеткенде, мугалим эже өзү айран таң калган жагдайга туш болот.

Баланы биринчи класста окуткан мугалим ал тууралуу
мындай деп жазган: «Бул баардык сабактарды мыкты
окуп, күлкүсү жүзүнөн нур болуп төгүлгөн үлгүлүү бала.
Үй тапшырмаларын таза жана тыкан аткарат. Аны
окутуунун өзү эле бакыт».
Экинчи класстын мугалими ал тууралуу: «Бул
жолдоштору менен классташтарынын арасында урмат-
сыйга ээ окуучу. Бирок, анын энеси айыкпас оору менен
алпурушуп жаткандыктан, үй-бүлөсүндө бир катар оор
көйгөйлөр бар», – деп жазган экен.
Үчүнчү класстын мугалими: «Энесинин өлүмү баланы
абдан жүдөтүм жиберди. Бала колунан келишинче
окуганга тырышып жатат. Бирок, атасы ага эч кандай
көңүл бөлбөгөндүктөн, эгерде кандайдыр бир
аракеттерди жасабасакк, анда анын үйүндөгү оор жагдай
балага терс таасир этээри айдан ачык», – деп
белгилептир.
Төртүнчү класстын мугалими: «Бала жоопкерчиликтүү
эмес, анын окууга көңүлү жок, эч ким менен достошпойт
жана класста уктаганды адатка айландырды».

Баардык мүнөздөмөлөрдү окуп чыккандан кийин класс
жетекчи өзү үчүн өзү абдан уялып кетти. Жаңы Жылдын
алдында баардык окуучулар ага жалтырак кагазга кооз
ленталар менен көркөмдөлүп оролгон белек тартууласа,
ал жакшы көрбөгөн баланын белеги орой күрөң кагазга
оролгон болчу. Мугалим бул кагаздан бир нече ташы
түшүп калган эски билерик менен мурда колдонулуп,
атыры тең ортосунан ылдый болгон флаконду сууруп
чыкканда, класстагы балдар “дуу” күлүп жиберишкен.
Бирок, мугалим «О, кандай кооз билерик!», – деген
суктануу сөздөрүн айтуу менен жеңинин учуна атырдан
бир аз сээп коюу аркылуу балдардын күлкүсүн тыйган
эле. Ошол күнү бала сабактан кийин үйүнө дароо кетпей,
класста кармалып, мугалим эжеге атайы жакын келип,
«Сиз бүгүп апам сыяктуу жыттанып жатасыз», – деген
эле. Бала кеткенден кийин мугалим көпкө өксөп
ыйлаган.

Ушул күндөн тарта мугалим балдарга адабият, жат жазуу
жана математика боюнча гана окутпастан, аларды ак
көңүлдүккө, принципиалдуу болууга, өз ара кол
кабыштык кылууга да үйрөтүүгө өтөт. Бир аз убакыт
өткөн соң ал жакшы көрбөгөн окуучу жанданып, өзүнө
келе баштайт. Окуу жылдын аягында ал класстагы эң
алдыңкы окуучулардын бирине айланган. Мугалим эже
окуучуларга баарыңарды бирдей жакшы көрөм дегенине
карабастан, жалгыз гана мурда жактырбаган окуучусун
чын дилинен, болгон жүрөгү менен жакшы көрө
баштаган. Бир жылдан кийин мугалим эже башка класс
менен иштеп калды. Бир жолу ал өз кабинетинин
эшигине мурда жактырбай жүргөн окуучусунун «Сиз
менин бүткүл жашоомдогу эң жакшы көргөн
мугалимсиз», – деген мазмундагы каты кыстарылып
турганын көрөт.

Дагы беш жыл өтүп, мугалим эже мурунку окуучусунан
дагы кат алды. Катта окуучусу колледжди бүтүп
жаткандыгын, алган баалары боюнча класстагы эң
мыкты үч окуучунун бирине айланганын, өз эжекесин
мурдагыдай эле анын өмүрүндөгү эң мыкты мугалим деп
эсептей бергенин жазыптыр.
Дагы төрт жыл өтүп, мугалим окуучусунан баардык
кыйынчылыктарга карабай, ал жакын арада
университетти эң мыкты деген бааларга аяктап
жаткандыгын жана мурдагыдай эле эжесин өмүрүмдөгү
эң мыкты мугалим деп эсептей берээрин өзгөчө басым
жасоо менен белгилеген экен.

Дагы төрт жыл өтүп, мугалимге дагы кат келет. Анда
окуучусу университетти ийгиликтүү аяктагандан кийин өз
билимин дагы тереңдетейин деп чечкендигин жазыптыр.
Эми окуучусунун фамилиясынын жанында доктор деген
абройлуу статус турган. Демейдегидей эле ал катта
эжекесин мурдагыдай эле өмүрүмдөгү эң мыкты
мугалим деп эсептей берем деп жазыптыр. Ошентип,
убакыт өтүп жатты.

Каттарынын биринде окуучусу бир кыз менен
таанышканын, ага үйлөнгүсү келгендигин, эки жыл мурда
атасынын көзү өтүп кеткендиктен, үйлөнүү үлпөтүндө
анын сүйүктүү эжеси жаңы үйлөнүп жаткан күйөө
баланын атасы менен энеси олтурчу орунду ээлеп, тойго
катышып берүүсүн суранган экен. Албетте, мугалим эже
бул өтүнүчтү кубануу менен кабыл алат.

Өз окуучусунун үйлөнүү тоюна бир нече ташы түшүп
калган баягы билерикти тагынып, жетим катары
кордолгон байкуш балага анын бул жашоодон эрте өтүп
кеткен энесин эске салган баягы атырдай болгон атырды
сатып алды. Алар жолугушуп, бирин бири кучактап,
өздөрүнө гана белгилүү болгон кымбат жытты кайрадан
сезишти.

«Сиз мага ишенип, мага өзүмдүн мүмкүнчүлүктөрүм
менен күчүмдү сездирдиңиз, жаман менен жакшыны
айырмалоого үйрөттүңүз. Сизге чоң рахмат!», – деген
окуучусунун ыраазычылыгына көздөрү жашка толгон
мугалим мындай деп жооп берди: «Жаңылышасың,
тескерисинче, сен мени баардык нерсеге үйрөттүң. Мен
сени менен таанышканга чейин балдарды кантип окутуу
керек экендигин билчү эмесмин…»

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!