«ЭМИ МЕН ДУБАЛ МУШТАП ЫЙЛАБАЙМ
Тагдырга таӊ калам. Жашоодо бир нерсени жек көрсөӊ, ошол нерсе сенин башыӊа келет экен. Себеби мен эмнени жек көрсөм, ошол нерсе жашоомдо өз башымдан өтүп жатат. Анда кеп башынан болсун.
«Бир кыз менен сүйлөшүп ошол менен гана жашайм. Ал менен апам эне-кыздай мамиледе болуп, мен ойлогондой мээримдүү, акылдуу, ыймандуу жубай болот. Мен бул жашоодо жаман деп аталган жолго эч качан баспайм» деп кыялданчумун. Ушуларды кыялданып жатып бир да жолу «Кудай буюрса» деп айтпаптырмын.
Ар күнү түн бир оокумга чейин WhatsApp`тан башым чыкпайт. Эч кимге сүйлөбөй, ачылбаган кабагым ачылып, Адинанын «cүйөм, кечир» деп жалынганын окуган сайын «сениби, шашпа» деп мыйыгымдан жылмайып алам. Анын сүйүүсү алоолонуп мурдагыдан да күчөп баратканын сездим.
– Жакшылык байке, туруӊуз. Атам экөөӊөр талаага барат экенсиӊер.
– Коё турчу!- деп коюп көзүм илинип кетиптир. Бир убакта ойгонуп, кийинип ашканага чыксам апамдын да, карындашымдын да өӊү өзгөрүп калыптыр. Карындашым менин телефонумду чукулап, Адина менен сүйлөшкөнүмдү окуп алыптыр.
– Сага дагы эле акыл кирбептир да…
– Апа, мен сиз айткан кызга үйлөнөм. Капаланбаӊызчы, ал мындай эле…
– «Жөн эле» дегенден баары башталат. Ал сени дубалатып алган. Ал кыз сени эмне гана кылбады.
Апам аябай ачууланды. Бетине заары чыгып, жашып турганын көрүп эшикке чыгып кеттим. Эне, бир туугандан башка жан сен үчүн күйбөйт экен. Башыма оор сыноо түшкөндө гана эненин, бир туугандын ордун билдим. Адина менен сүйлөшүп жүргөнүмдө үйдөгүлөр каршы болушкан. Анын талабын талашып апама, карындашыма айткан жагымсыз кептерим үчүн алардан өмүр бою кечирим сурап жашайм.
Апамдын көз жашын көргөндөн кийин маанайым түштү, жолдо кайда барарымды билбей кетип баратсам балдар Тажикстандагы санаалаш агабыз келгенин кабарлашты. Менин чөйрөм эки тараптуу. Биринчиси карта ойноп, кыздар менен көӊүл ачкан достор, агалар. Алар менен акыркы эки жыл ичинде таанышып, аралашып калдым. Экинчиси классташ балдар, жакшылык-жамандыкта катташып, чакан шерине уюштуруп турабыз. Адинаны биринчи тарапка көп ээрчитип барчумун. Ага да ошол чөйрө жагабы, билбейм, барабыз дегенде сулуулук салонуна кирип жасанып келет. Санаалаш агалар менен топтолгондо бизге майрам башталчу. Кыздар, сауна, клубдардан башыбыз чыкпай чардачубуз.
Адаттагыдай Адинаны ээрчитип бардым. Кафеде тамактанган соӊ курсагыбызды сылап отуруп калдык. Тажик агамдын көзү улам Адинага түшүп жатканын байкадым.
– Келиӊиз, карта бастыралы?
– Сени менен карта ойнош мен үчүн сыймык да.
– Койсоӊузчу, ага, зериктирбейин деген эле ой.
– Шаар четиндеги особнякты коём ортого. Утуп ал да, келишкен келин бала менен ошол жерде жашай бер,- деди ал каткыра күлүп.
– Чоӊ кеттиӊиз, ага, аныӊызга теӊ ортого койчу менде эч нерсем жок.
– Жаныӊда сулууӊ турганда эч нерсем жок дебе…
Адинанын көзү алая түштү. Мен көптөн бери ушул нерсени күтүп жүргөм. “Мына, өч ала турган убак келди” дедим оюмда.
– Макул, бүгүн катуу кармашам, дагы жеӊилген болсом сиздин жаӊызга басып келбейм.
Ошентип карта ойноп баштадык. Жанымда Адина кабагы карыш болуп тынчсыздана мени карайт. «Жеӊилсем Адинадагы өчүмдү алып, кутула албай жүргөн ушул чөйрөдөн чыгам» десем, бир туруп агамдын үйү көзүмдү өрттөп оюн кызуу жүрдү. Жеӊилип калдым.
– Капа болбо, алтыным, ушуну менен ичимдеги сага болгон кегим толугу менен кетет. Ар кимдин койнунда сүйүүнүн татуу даамын гана татып жүргөн болсоӊ, эми ызасын да татып көр.
– Жакшылык, эмне деп дөөрүп жатасыӊ?! Мунун баары тамаша экенин айт!
Оозумдагы тамекимди картага басып, костюмумду ийиниме астым да, чыгып кеттим. Бир топко узап кеткенче агамдын каткырыгы, Адинанын кыйкырыгы, ыйы кулагыма жаӊырып жатты.
Адина, сени кандай сүйгөнүмдү билесиӊ да. Башыма оор иш түшкөндө мени чанып, менден алыстагансыӊ. Мен түрмөдөн өмүр бою чыкпай калчудай коштошуп кеткениӊди эстейсиӊби? Ак жерден караланып күйүп жатсам «менин теӊим эмессиӊ, аман бол» деп басып кеттиӊ. Караӊгы бөлмөдө дубал муштап ыйлап, сага кайра-кайра «жаным, сенсиз мен кантип жашайм, кетпечи» деп жалдыраганымды эстесемчи… Жашоом токтоп калчудай сыздап, өзүмдү өзүм өлтүргүм келген. Менин ушундай мерез болуп калышыма сен себепчисиӊ. Мына андан бери 2 жыл өттү. Түрмөдөн чыктым, ар түрдүү адамдарга кезиктим. Бирок сенин ошол жоругуӊду унута албай, сага да мендей азап чектирем дегем. Сенин ар ким менен жүргөнүӊдү, шаарда хит болуп жаткан жеӊил ойлуулугуӊду балдардан угуп, клубдан мас абалда бутуӊа тура албай чыгып келе жатканыӊа өзүм да күбө болгом. Ошончо кылыгыӊды көргөн Жакшылык сени кечирип, апасына келин, балдарына апа кылат деп ойлодуӊ беле? Жо-ок! «Кечир мени» деп жашоомо кайтып келдиӊ эле. Мына, баары бүттү! Сен да адамдын жүрөгүн ооруткан, сезими менен ойногон кандай экенин сезерсиӊ.
0 746 Время чтения: 3 мин.