Аралаш темада

МЕНИН АТАМ – ЖАКШЫ АДАМ! БОЛГОНУ БИР АЗ ИЧЕТ

« МЕНИН АТАМ – ЖАКШЫ АДАМ! БОЛГОНУ БИР АЗ ИЧЕТ.»(Болгон окуя)
Жолдун чети менен, маанайсыз келе жаткан жаш балага көзүм түшүп калды. Бул баланын аты Ариет. Ооба дал өзү. Айылыбыздагы Дайыр байкенин баласы. Угушума караганда Дайыр байке бир тууган агасынын өлүмүнөн кийин жинди сууга бээрилип, жаман жолго баш-оту менен кирип кетиптир. Бирок уулу Ариет мектептеги эң алдыңкы окуучулардын катарын толуктаган, дилгир жигит. Өзү жаш болсо да, чоң кишилердин ой жүгүртүүсүнөн кем калбаган аң-сезимин бир жолу сүйлөшүп калганда байкаган элем. Ошол учурда болгону 9 гана жашта болчу. Күндөрдүн өтүшү менен, Ариет 10 жашка толду. Эс тарткандан бери атасы ичип келип, кош бойлуу апасына жаман сөздөр менен акарат айтып, акыркы күндөрү колу да тийчү болду. Муну карап турган мотурайган бала, апасынын жанына чуркап барып:
– Апаке, атам жаман адам ээ?
– Эмнеге антип жатасың балам?
– Ал сизди күндө ичип келип, жаман сөз айтып урат го?
– Жок балам андай дебе! Атаң дүйнөдөгү эң жакшы адам, болгону бир аз ичет.
– Анда эмнеге сизди урат?
– Жөн гана колу тийип кетет.
– Апоу?
– Ой, садагаң кетейин балам?!
– Мен чоңойсом эч качан жинди суу ичип, аялымды урбайм – деп ыйлап жиберди.
Бул сөздөрүн угуп олтурган аял уулун бооруна бекем кысып, өңгүрөп ыйлады.
Күндөр өтө берди.
Ариет балдар менен ойноп жатканда бир досу:
– Биз сени менен ойнобойбуз! Анткени сенин атаң ичет! Атаң жаман адам! “Атасы ичкич” – деп Ариетти тегеренип, шылдыңдашып жатышты.
Ариет болсо сыймыктана:
– Менин атам дүйнөдөгү эң жакшы адам! Болгону бир аз ичет! – деп көзүңө жаш алды. Мунун баарын Ариеттин атасы угуп турган эле. Чуркап келип, уулун бооруна кысты. Ата бала көпкө чейин көз жаштарын тыя албай, буулугуп ыйлап турушту. Ошол күндөн тарта баланын атасы Ариеттин сөзүнөн таасирленип, дин жолундагы адамга айланды. Жубайына дагы жылуу мамиле жасап, бактылуу үй бүлөөгө айланды. Ариет карындаштуу болуп, кубанычы ичине батпаганын жарыша алган жок. ЖАРАТКАН ЫЙМАН БЕРЕМ ДЕСЕ, ЭЧ КЕП ЭМЕС! БОЛГОНУ БААРЫНА САБЫР КЫЛСАК ГАНА МАКСАТКА ЖЕТЕБИЗ.

Авторлору: Aikapella

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!