Бир кыз студент жигит менен таанышып, экөө жатаканага жигиттин бөлмөсүнө келишет. Бөлмөдө колго жасалган кооз килем илинип турат, кыз аны көрүп алып, кызыгып кармалап туруп, жигиттен сурайт:
– Омийй! ушул килемди ким сокту?
Жигит:
– Бул килемди мен сокком, тиги телевизорду Азамат соккон, тээтиги магнитофонду Байыш соккон…
Пикир калтыруу