Аралаш темада

Кожожаш менен Зулайка

Зулайка:
кетти го десем мергенге,
кетипсиң левый жерлерге.
мундузбайдын токолу,
башкача жатып берген де.
Өпкөңдү гана үзбөсөм,
аскаңдан түшүп келгенде.

Кожожаш:
кечир мени байбиче,
кетиртти косяк айыке.
эми минтип билиндим,
эки жака тилиндим.
каргап кетип сур эчки,
аска-зоого илиндим.
тормузун бираз тебе гөр,
тибиреген тилиңдин.

Зулайка:
ээ кожоке баатырым,
бар эле сенин акылың.
байланып аска башына,
токтолуп турат басыгың.
төшү чоң бекен айкенин,
айтып койчу акырын.
смс менен жазып ий,
себинген анын атырын,
аныңдан менин эмнем кем,
айта бер эми ачыгын.

Кожожаш:
зукешжаным алтыным,
зуулдап жүрүп жаңылдым,
айкенин айтсам айыбын,
атыры made in chin экен.
абышкасы тип экен,
айдаганы жип экен.
келем деп коюп кечкисин,
склероз экен,дуб экен.
бир эле ирет каттагам,
тайбуурулду таптагам,
төрөдү деген баласы,
меники точно тактагам.
билбей кантип мактанам,
кечирип мени түшүрчү,
тирелген ушу аскадан.

Зулайка:
айтып кет каткан акчаны,
мекенде бийик асканы.
бозордуңбу бат эле,
боозутуп жүрүп башканы.
эсиңе келсең түшүрөм,
жеткирбей сотко бүтүрөм.
желпинип кетсең кайрадан,
жүзүңө сенин түкүрөм.

Кожожаш:
баары болот o’key,
кетти да иттик билбей.
эми кымыз сунушса,
койбосомбу ичпей.
кошуп ийишет окшойт,
виаградан иттей.

~~~~~ «Anekdot.Online» – КыРгЫзЧа АнЕкДоТтОр ДүЙнӨсҮ«Anekdot.Club» ~~~~~

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!