Аралаш темада

Үзүлбөгөн үмүт

“Үзүлбөгөн үмүт”

– Тур уулум турагой… Улук
турбайсынбы Эми? Учактан
кеч каласын!
– Азыр апаке, деген Улук
жылуу тошоктон тургусу
келбей, тошоктон чыгып калган
бутун шып эттирип, тартып
алды.
Апасы Гулбайра эми эле уйду
саап, музоону кое берип
койгон… Артынан калбай
ээрчип жургон, тоокторго жем
салайын деп, тамга кирип
кетти…
Андан чыгып, терезенин
тубуно дагы келип, алдына
кетейин Улук тур эми, бир
куюм чай ичип ал, азыр шашып
каласын!
Деп дутулоп тоокторду
чакырып калды.
Апасы тур деген сайын
эреркеп Улук тошокту
чумконуп, тургусу келбеди…
Кой турайын, кечигип
калбайын деп, тургусу
келбесе дагы тошогун ачып
оордунан ыргый турду! Сыртка
чыкса, кун эми гана уясынан
чыккандай, Улуктун бетине
жаркырап тийди… Уйдун
артындагы бак дарактардан
турдуу чымчыктардын
сайраганы угулат…
Туну жамгыр жааганга, аба
салкын жана таза болуп жер
дагы тоорсуп калыптыр.
Айылдын кооздугуна суктана,
Улук коз жугуртуп жатты…
Ээх айылым, менин эркиме
койсон сенден жарым карыш
жылгым келбейт…
Ангыча куйполоктогон
Гулбайра эне, колуна чогун
кармап… Турдунбу
айланайын? Кел мына сууга
жуунуп ал, жылытып койдум
деп уулунун ар жагына отуп
жатты…
Бети колун жууп буткон Улук
дасторкондогу, жаны эле
тартылган каймакка нан илип
жеп олтурду.
Жанатан бери жаны тынбаган
Гулбайра эне, чарчаганга
уулунун мандайына келип
уфф деп олтуруп калды…
Алдына кетейин уулум, атан
же бир туугандарын болсо
мынчалык туйшук тартпайт
элек, сени канча окутамын деп
кучум жетпей калды… Егер
билсен сени жанымдан бир
карыш чыгаргым келбейт.
Апа коюнузчу! Мен эмне жаш
бала белем мына мен жыйырма
бирге толдум, баары эле
Орусияга барып акча таап
келип жатышпайбы? Мен дагы
Кудай буйруса кооп акча
таап, шаардан уй алып окууга
тапшырамын, сизди багамын…
Алдына кетейин, акча
таппасан деле, аман эсен
болчу деп Гулбайра эненин
козу жашып кетти…
Апаке мени кыжаалат
кылбачы, мен иштеп бир
жылдан сон келемин го деп,
Улук дагы апасын аяй козу
жашылдана тушту…
Кана эмесе бата берейин,
оомийин жолун шыдыр,
жолдошун кызыр болсун…
Кайда журбо ден соолугун
чын, алтын башын аман болсун
деп уулунун мандайынан
ооп,уулун узатты!!! Артын
жалт караган Улук апасына
боору ооруй, апаке Кудай
буйруса баары жакшы болот
деп узап кетти…
Гулбайра эне, жолдошу кайтыш
болгондон
кийин коп эле
кыйынчылыктарды баштан
кечирди, жалгыз уулумду
адам кылам деп иштебеген иши
калбады окшойт, Улуктун кой
дегенине болбосотон мектепте
пол жууп иштеп журуп,
каарып да калган…
Пол жууганга бели жарабай,
жалгыз уулун дагы окута
албай, ичинен сыздап жатты…
Улук бараары менен Гулбайра
энеге звонок кылды…
Апаке мен жетип алдым,
жакшы бир иш таптым, буйруса
эмки айда акча салып калам,
менден кабатыр болбон…
Алдына кетейин, уулум
озунду жакшы кара, ачка
журбогун иш кылам деп
озунду кыйнабагын… Деп
кечее жакында эле кеткен
уулун сагынып жатты…
Чын эле Улуктун иши жакшы
журуп жатты, апасына кооп
эле акча салып жатты, эненин
кубанычында чек жок, уулум
акча тапканга кудурети жетип
калган турбайбы деп, ичинен
суйунуп жатты… Бирок бул
суйунуч узакка созулбады…
Улуктан акыркы кездерде
кабар жок эле… Байкуш
эненин журогу бир нерсени
сезгендей сыздап жатты…
Мына учунчу айдын жузу,
акча эмес Улуктан кабар
жок… Телефону дагы ошол
бойдон жанбады..
Улукка бир нерсе болгонун
эне журогу сезип жатты,
журогун тилип жаткандай
сыздап жатты, болбосо Улук
жондон жон эле апасын
кабатыр кылып койбойт эле.
Дайыма жаркылдап жургон,
жылдыздуу уулунун кабарсыз
болуп кеткени, байкуш энени
акырындатып жок кыла
баштады…
Онунон азып, бир тал кара
чачы калбады, баардык чачы
агарып кеткен… Тамакка
болгон табитинин жоктугунан,
алы дагы калбаган, ону
бозоруп каны азайып кеткен…
Эптеп эле жашап журду,
бирок баарибир умутун
узбоду… Жалт этип эле
уулунун карааны коруно
тургандай эле эненин журогу
умуттонуп жатты… Кана эле
ошондой болсо! Кыш келип,
чыкыроон бороон башталды, эч
ким уйлорунон чыккысы
келбей, жылуу печканын
жанынан жылышпайт…
Оордунан аран турган
Гулбайра эне, мандайынан
чылкылдап муздак тер чыгып
жатканына карабастан, устуно
эски чапанын жамынып, сыртка
чыкты… Колуна аран эле
бешиликти алып, аз аздан чоп
алып, уй менен музоосуна,
жана эки эчкисине салды…
Тфу десен тукуругун жерге
жетпей тонуп калгыдай болуп
суук… Колуна эки уч отун
кармаган Гулбайра эне
печкага отун жагайын деп
бара жатты… Эшиктин
алдындагы, кок музду
байкабай калганбы, алсыз
буттары тайгаланып
капталынан жыгылды… Аай
деп бакырган эненин жаны
козуно коруно тушту, жамбаш,
кабырга сооктору катуу
тийгенге, эненин оордунан
турууга акыбалы жок эле…
Соогунун сыздап ооруганы аз
келгенсип, таштай муздак
муздун суугу денени
тондуруп жатты… Эненин
оюна олумдон башкасы келбей
калды, аттин уулумду корбой
калат экенмин да… Арман ай,
уулумду уйлоп, келинимдин
колунан чай ичейин дебедим
беле? Темтендеп баскан
неберелеримди ойнотойун
дебедим беле? Ажал ушинтип
эле алып кетип калабы?
Арман жашоо деп козунон аран
чыккан жаш, жерге
тамчылады… Ангыча
шуулдаган кошуна келин
Гулипа ширенке сурайын деп
келип калбаспы? Гулбайра
энени коро сала бакырып
жиберди… Кошуна колонду
чакырып уйуно которуп алып
киришти… Байкуш Гулбайрага
кыйын эле болду, каарыган
кезде жалгыз калып, уулу да
кабарсыз…
Деп бурчта турган айылдын уч
торт аялы соз кылып жатышты…
Гулбайра эненин соогу Кудай
сактап сынбай калыптыр,
бирок катуу суук отуптур…
Айылдын анча мынча ак конул
аялдары, ыссык тамак
бышырып, кезек кезеги менен
келип турушту… Ошентсе дагы
Гулбайра эне оорукчан болуп
коп жотолчу болду, озунун
жашынан он жашка каарып
кеткендей, козунун ылдыйын
бырыш басып, арыктап эти
соогуно жармашып калган,
ыйлай берип жашы деле
кургагыдай болду…
Ошентип жаз дагы келди, айыл
ичинде Гулбайранын уулу
Орусияда бир тополондо
кайтыш болуп кетиптир деген
создор таркай баштады…
Себеби ошол кезде Орусиянын
бир жеринде тополон
болуптур, ал жерде каза
болгонКыргыз жараандары
дагы бар деп жанылыктан
берип жаткан. Муну уккан
Гулбайра энени ою санга
болунду, табити эч нерсе
тартпай, журок оорулуу дагы
болуп калды.. Арадан уч жыл
откону, Гулбайра энеге кылым
откондой болду, эки козу торт
болуп, жолдон козун албайт…
Кудайдан уулум аман эсен
болсо экен деп тиленип
жатты… Акырындап Гулбайра
эненин ден соолугу начарлай
баштады, козу чукурайып,
чукодой болуп
кичинекей,аппак чачтуу
кемпирге айланып калган…
Гулбайра эне тендуулор
чыкыйып, жапжаш корунушот…
Алтымыштан ашса дагы
сексендеги кемпирдей
корунот… Акыры уулун корбой
тургандай болуп, олумго даяр
турду… Туну менен уйку
корбой, бут денеси сыздатып
ооруп чыгат… Мына ошентип оз
абышкамдын жанына кете
турган мезгил келди, эмне
болгон кундо дагы жалгыз
уулумдун ден соолугун,
берсин Кудайым деп,
Гулбайра эне бир жерден
козун албай жашын агызып
жатты… Арык купкуу колдору
менен уулунун суротуно
карап ооп алды дагы, акыркы
суум деп суудан ууртап
алды… Жашагысы келет бирок,
ден соолугу олумго жетелеп
жаткан, кундо оорусу кучоп,
Гулбайра энени соолутуп
жаткан… Суйлоого акыбалы
калбай, бир жерден козун
албай ыйлап жатып коздору
жумулуп бара жатты… Бир
кезде мандайынан бироонун
ооп жатканын сезди… Козун
ачкан Гулбайра эненин козу
жайнай тушту, бул тушум го
деп ойлоду… Себеби
мандайында уулу олтурган,
Улук апасынын козун ачканын
коруп, суйунуп кетти, эне
бала кучакташып копко ыйлап
олтурду… Корсо Улук бараары
менен мыйзамсыз ишке
орношуп алган эле, аны озу
дагы билбептир… Ошентип
кармалып уч жылга кесилип
кеткен болот… Улук дагы
энесин ойлоп, кыйналып
кетти… Ал жакта олтуруп
Кудайдан апасынын ден
соолугун тиленип олтурган…
Боштондукка чыгаары менен
тааныштар менен маяналуу
жумушка орношуп, уч айда эле
коп акча табат дагы мекенине
сапар тартат… Уйго келип
апасынын эси ооп жатканын
коруп коркуп кетет… Кечир
апаке сени туйшукко салдым,
мени деп ушунча кыйналдын,
жанындан бир карыш чыкпайм
деп Улук ыйлап жатты…
Суйлой албаган Гулбайра эне
уулун коргонуно кубанып,
уулунун башынан сылап
жатты… Улук апасын жакшы
врачтарга тапшырып
даарылата баштады…
Гулбайра эне уулунун
келгенинеби, же кучтуу
даарылардын кучунонбу?
Айтор тез эле бутуна туруп
калды..
Ооруканадан чыгаары менен
Улук, топтоп келген акчасына
дароо эле суйлошкон кызына
уйлонуп алды… Гулбайра
эненин тилеги орундалгандай,
коп отпой эле небересин
ойнотуп бакыттын кучагында
балкып жатты!!! Ата энени
козу барда сыйлай журойлу,
замандаштар!!!

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!