Анекдот - кыргызча

Кенжебек болгонуңа сүйүн

Атасынан баласы сурайт дейт:
– Ата, ата, неге улуу байкемдин аты Карпбек,-деп.
– А, ал күнү балыкка барып, карп кармап келгем да,-дейт экен атасы.
Бала берки байкелеринин аттарын (ысымдарын Сазанбек, Форелбек) өзү чечмелеп алыптыр, дагы:
– Ата, а эмнеге менин атым Кенжебек,-деп сураптыр.
Ачуусу келген атасы:
– Кенжебек болгонуңа сүйүн, сен төрөлгөн күнү көнөк баш (баканын баласы) кармап келсем, кантет элең,-дептир.Бир жылмайып коюңуздар..

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!