Бернард Шоуга бир бейтааныш жигит кайрылыптыр:
– Атактуу юморист жазуучунун дал өзү турбайсызбы! Сиздин атаңыздын тикмечи болгону чынбы?
– Чын – дейт Шоу.
– Анда сиз эмне үчүн тикмечи болбой калдыңыз?
– Аны айтыш кыйын… тукум куубаган учурлар деле болот тура… Мына сиздин атаңыз сыпайы мырза болушу керек.
– Албетте.
– Бирок сиз деле атаңызды тартпай калыпсыз да…