Аралаш темада

Кыз кезинде баары жакшы,жаман катын кайдан чыгат

Кыз кезинде баары жакшы,жаман катын кайдан чыгат деген эркектерге жооп…

Урушчаак аял өзүнөн-өзү эмес турмуштун заарынан улам урушчаак болушу мумкун. Мышыкты деле ургулай берсең, айласы кеткенде арстандай айбат көрсөтөт. Айтор, баккан ээси жарашса күйпүл күчүк сак болот, алган эри жарашса кара катын ак болот. Жарашпай калса сакоо катынга тил бүтүп, уулуу заарга айланат. Ошондуктан аялды күндүзү үйдөгү идиш жууп, кийим жууп, балдарды караган роботтой көрүп, түндөсү бир түндүк сойкудай пайдаланбай, ага аял катары, өмүрлүк жар катары, эң негизгиси эркек сыяктуу эле урмат-сый менен жыргалчылыкка укуктуу адам катары мамиле кылуу керек.Айылдын балдары үйрөтүлө элек тайларды үйрөткөндө, чарс аттарды жоошутканды билишет да. Ошентип аялды да жоошутуп, анча-мынча алдаса да болот. Ортодогу сүйүү жалындап күйүү үчүн кичине калп айтып, аялзатын мактап койсо да болот. Аял киши көзүнө ишенбейт, кулагына ишенет. Акылына ишенбейт, сезимине ишенет. Ошон үчүн аялдар башкарган машинелердин авариясы көп болот. Ачууланып баштаганда эле кучактап, сүйлөтпөй өбө калсаң, оозу сразу жабылат. Кээде аял киши эркектин эркектей болуп чечкиндүү кадам шилтегенин жактырат. Куру джентельмендик өтпөйт бу кургур жашоодо…ошон үчүн эркектер чечкиндүүрөөк болуп,жумшак сөздөрөн көбүрөөк айтып тургула☝

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!