Ырлар

«ТОҢУП КАЛДЫМ, КАНТЕЙИН?» (Пародия)

«ТОҢУП КАЛДЫМ, КАНТЕЙИН?» (Пародия)

ЖЭБ жарылып тоңуп-үшүп отурдум,
Жарык да өчтү, жалгыз сени ойлоймун.
Үшүбөстөн төркүнүңө барып бир өзүң
Жер үй жакшы, сууктан коргонгун.

Көп көгөрбөй барып көмүрдөн жаккын,
А мен болсо 2 жууркан жамынып калдым.
Көрүшөбүз көп кабат үйлөр жылыса,
Көп сагынба, мешке эртерээк качкын!

Кайырма:

Тоңуп калдым, кантейин?
Тоңуп калдым, мен кантейин?
Тоңуп калдым, кантейин?
Тоңуп калдым, мен кантейин?

Пайда болду түшүнүксүз бир сезим,
386 миллион доллар кайда кетти?..
Калч-калч этип тоңуп калган окшоймун,
Көмүр жаккан айылымды эстедим.

Эске түштү айылдагы үй жыпжылуу,
Бала элек анда кандай бактылуу?!
Эт кайнаган ысык мешке боркулдап,
Ошол күнгө пайда болду сагынуу.

Түн уйкумду бөлүп такыр уктабай,
Ойлоп жатам жер үйлөрдү суктанып.
Заарканам жуурканымды ача албай,
Тоңдурбачы, ызгаар, жүрөк ыйлатып.

Эгер келсе жылуулук эрте,
Эртең эле үйүм кайра жылыса.
Төркүнүнөн келип келинчегим да,
Бирге бассак кол кармашып жанаша.😛😛😛

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!