Ырлар

Апа

Кимдин АПАсы тирүү болсо мен аны чын жүрөгүмдөн куттуктайм жана анын үйүнө эшигинен таалай, терезесинен суук агып кирип жатканын сүйүнчүлөгүм келет. АПАМ менен бирге жүргөндө, жутуп жаткан абам бакыт, ичип жаткан суум бейпилдик. АПАМды көргөндө көйгөйдүн баары эстен чыгып, өзүмдү төгөрөгү төп жандай бактылуу сезем…

АПАМды тамашалап, көңүлүнө кубаныч тартуулагым келет, АПАМ жылмайса мен өзүмдү ушунчалык бактылуу сезем. Азыр АПАМ экөөбүздүн аралыгыбыз бир аз алыс болгондуктанбы сагынуу менен күн өткөрүүдөмүн. Миң чөйрөм жакшы болгону менен АПАМды аябай сагындым, аны менен бирге олтуруп жеген тамактын даамын эч жерден кезиктире элекмин. Бул жашоодо мага туура багыт берип, келечекте өз ордумду табуума эң башкы себепкер инсан ал менин – жаным АПАМ! Негизи бүгүн менин эмес, АПАМдын майрамы десем эч жаңылышпайм. АПА жүрөгүмдө сага деген сүйүүм чексиз!

АПАМ МЕНИ ЖАШТЫГЫМДЫ БАКТЫЛУУ БОЛСУН ДЕП, ӨЗҮНҮН ЖАШТЫГЫН КУРМАНДЫККА ЧАЛГАН,

АПАМ МЕНИ КҮЧ-КУБАТКА ТОЛТУРУУ ҮЧҮН, ӨЗҮНҮН КҮЧ-КУБАТЫНАН АЙРЫЛГАН.

АПАМ МЕНИ ТЫНЧ УКТАСЫН ДЕП ӨЗҮ УЙКУСУЗ ТҮНДӨРДҮ ӨТКӨРГӨН,

АПАМ МЕНИ КУРСАГЫМДЫ ТОЙГУЗУШ ҮЧҮН, ӨЗҮ ДАЛАЙ ЖОЛУ ИЧКЕН АШЫН ТАШТАГАН.

Мен анын мындай жакшылыктарын кайра кайтара албайм, болгону чын дилимден дуба кылып, жараткандан өмүрүн сурайм. Кимдин энеси тирүү болсо анын бактысы ашып-ташыптыр. Кандай жол болбосун ата-энеңди ыраазы кыл, бактылуу болосун. Ал экөө ачык турган асман эшиги. Аларды капа кылып, же аларга моюн толгоп, асман эшигиңди жаап алба! ОО АЛЛАХЫМ! Мени жана ата-энемди кечир! ОО ЖАРАТКАН! Ата-энем мага кичине кезимде мээрим төккөн сыяктуу аларга да мээримиңди төгө көр!

Күнүм сенсин, дүйнөмдү жарык кылган,
Кымбатымсын, өмүрүмдө баардыгынан.
Кандай кырдаал болсо дагы жашоодо,
Күчтүү жансын, кайратыңдан жазбаган!!!

Асылымсын, бул өмүрдө жаным апам,
Атакемди, сыйлап дайым кадырлаган.
Алтын апа, бейиш сенин таманыңда,
Аруу жансын, жан дүйнөң толкуп ташкан.

Жарык болуп, максатыма үмүт салган,
Жөлөп мени, таяп турган кулап калсам.
Жылынамын сенин гана мээримиңе,
Жан дүйнөң кенен апа кучак жайсаң.

Бул турмуштун сыноосун чыдап жеңген
Бүт баарына көз жумуп жашап келген,
Балдарым деп, уктабастан узун түндө,
Билем бизди өстүрдүң чоң үмүт менен.

Сенсин апа, акыл айтып, насаат берген,
Сезимдерим, чексиз менин сага деген.
Сергип калам, мен жаныңа келгенимде,
Сендей адам, бул ааламда жалгыз экен.

Мезгил учуп, мен да өттүм бала кезден,
Миң жыл өтсүн, сен жанымда болчу эсен.
Маанайыңды, эч убакта түшүрбөстөн,
Мага кылган, мээнетиңди актаар бекем?

Табияттан, сен башкача жаралгансын,
Турмуш жолу, толкунунда талыкпайсын.
Тоодой болгон, сенин кеңдүү жүрөгүңдү,
Таза кармап, ага кирди жугузбайсын.

Ойлой берип, кара чачын агарбасын,
Ордуң бийик, өзүн гана асыл жансын.
Оң колумду көтөрүп, мен дуба кылам,
Оо! Жараткан, жалгыз апам оорубасын.

Ыр дүйнөдө, жалгыз өзүң ырдаласын,
Ыйыгымсын, обондордо ыргаласын.
Ыйманыңды бекем сакта жан кызым – деп,
Ыйык сөздү, күндө айтчу асыл жансын!!!

Авторлору: ELmuSS & Aikapella.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!