Окуялар

Тагдырдын тамашасы: Күтүүсүз жолушуу

Анча чоң эмес алыскы кыштактардын биринде Артур деген бала жашаган. Ал ушунчулык зээнсиз, мээси жок болгондуктан, эч кимге жакчу эмес. Өзгөчө мугалимине, аны көргөн сайын: “Мени жинди кылып бүтмөй болдуң, Артур!” деп кыйкырып калчу.

Күндөрдүн биринде Артурдун энеси, мектепте кандай окуп жаткандыгынан кабар алууга келет. Мугалими ачык эле энесине, баласы таза келесоо экенин, жалаң жаман баага окуурун, мындан жаман келесоо көрө электигин айтып салат. Шок болгон энеси баласын мектептен чыгарып, башка кыштакка көчүп кеткен экен.

Арадан жыйырма жыл өттү. Баягы мугалим катуу ооруп калып, ага олуттуу диагноз коюлат. Операция кылууну сунушташат, бирок ал операцияны бул аймакта бир гана хирург кыла алаарын айтышат.

Кырдаалды карап көрүп, башка жолу жок экенин түшүнгөн мугалим операцияга макул болду, акыры операция дагы жакшы өттү.

Операциядан ойгонуп көзүн ачса, маңдайында жаш хирург жылмайып карап турган экен. Ыраазычылыгын билгизейин деди, бирок эч нерсе айта алган жок. Бир заматта бети көгөрүп кетти, бир нерсе айтайын деп колун жаңсап көтөргөндөй болду, бирок, эч нерсе айта албай оо дүйнө салып кете берди.

Хирург шок болуп калды. Артына бурулуп, пол жууп жүргөн Артурду көрдү. Ал келесоо кычкылтек берчү аппаратты сууруп салып, ордуна чаң соргучун сайып алган экен… Кыскасы ошондой…

Силер чын эле Артур хирург болуп кеткен деп ойлодуңар беле?..

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!