«КАРЕГИҢДЕ ЖҮРГӨН ЭКЕН КАТЫЛЫП…»
Качан, кайдан башталды бул оору? Эсимде жок. Оору эмес эмне? Бассам-турсам, атүгүл тамак ичип жатсам да маңдайымда турасың, көзүңдү жайнатып. Эркекти күчтүү деп коюшат. Туура, кайсы бир учурларда, кайсы бир жерлерде эркек күчтүү. Ойду-тоону томкоруп жибергенге да даяр. А бирок…
Негедир дайыма алма жыттанып жүрчүсүң, алма жегенди жакшы көрсөң керек. Ошол жытың мурдума сиңип калыптыр, көчөдөн алма көрсөм сага деп сатып алмай адатым бар эле. Сен али билбейсиң, сени канча убакыт издегенимди. О-уу, сени кайдан гана издебедим… Жерден, Айдан, Күндөн, интернеттен, клубдардан, транспорттон… Теңтуштарым “ой, койчу, сенин кыялыңдагы адам жомокто гана болсо керек” дешер эле. А мен таптым. Алгач “дагы деле жаңылып жатсам керек” деп көпкө сынай тигилип жүрдүм. Жок, сен өзгөрүлбөдүң, жаркылдаган мүнөзүң, адамгерчилигиң, жалындаган каректериң өзгөргөн жок. Көрсө, мен сени таптакыр башка жайлардан, башка адамдардын өңүнөн издечү экенмин. Адатта, жигиттер кыздар менен дискотекадан же көңүл аччу жайлардан таанышышат эмеспи. Анан сулуусун, келишимдүүсүн тандайбыз. А сен… Сенде бардыгы жөнөкөй. Кыздар боёнуп алып көңүл аччу жайларга шашылышса, сен китепке үңүлүп отурасың. Кыздар ушак айтып же модалуу кийимдерди талкуулап, биринин оозунан бири сөз талашып жатышса, сен кайдадыр алыска кыялдуу тигилесиң. Бул мени таң калтырчу, ары кызыктырчу. Ошол жөнөкөй, бирок бай дүйнөңө ушунчалык арбалдым. Экөөбүздүн темабыз таптакыр бүтпөйт эле. Сага бараткан жолдун узактыгын айтпа да, экөөбүз жолуккандан кийинки мезгилдин тардыгын айтпа.
– Сени биринчи көргөндө такыр жаккан эмессиң. Эң эле өзүн кыйын сезген неме экен деп жактырбай жүрдүм,- дедиң бир жолу.
– Азырчы?..
– Азырбы?.. Азыр сени өзүмдөн да жакшы көрөм.
Тобо, кандайча токтоолук кылдым билбейм. Башка учур болсо, жаш баладай секирип, калпагымды көккө ыргыта кыйкырып-кыйкырып алмак болушум керек. Бийик кабатка чыгып алып жүзүбүз албыра ой келди кыйкырып жаттык.
И-ий, эстетпечи, эстебейинчи. Ай өтсө жыл жылбай, жыл өтсө мезгил учпай ушул элестердин туткунунда каларымды кайдан билдим… Досум кыянаттык кылып сени ала качып кетерин кайдан билдим… Келинге көрүндүк алган жеңелер көшөгөнү ачканда жаш жууган жүзүңдү көрүп, калтырай ары буруларымды кайдан билдим… Колуңдан алып чыгарып кете албай мококтук кыларымды, намыс, салт-санаа жана башка ушул сыяктуу былжырак нерселерден баш көтөрө албай чыгып кетеримди кайдан билдим?!
Чечкинсиздик кылганымды ошондо түшүндүм. Неге алып кетпедим десең? Каражат жагы да ойлондурган ошол убакта. Менден кийинки бир туугандарымды окутуу милдети да бар эле. Ошондой майда-барат нерселерге байланып, чыгына албай жүргөнчө эң баалуу деген адамымды жоготуп алдым. Башканыкы болуп каларың үч уктасам түшүмө кирген эмес. А досум башын кашып: “Мас болуп калыппыз, “кимди?” дегенде эмнегедир ошонун атын айтыптырмын. Эми кыз буюргандыкы экен да, досум”,- деп тим болду.
Эки-үч айдан кийин жолуктук. Капысынан… Экөөбүз тең башка чапкандай ордубузда селдейип сөз айта албай турдук.
– Кечир!- дедиң сен.
– Антип айтпа! Менин күнөөм да жок эмес.
– Арыктап кетипсиң. Кыйналбачы, сен кыйналсаң, менин жүрөгүм ооруйт. Эч нерсени өзгөртө албаган соң…- дедиң көзүңдү ала качып.
– Кыйналып жүрөм. Жаман кыйналдым. Ооруп да калдым. Башка жерден сүйлөшөлүчү… – дедим жан талаша.
– Андай болбойт. Мен эми ээн жерде сени менен жолугуша албайм.
– Бир жолу…- дедим өжөрлөнө.
Ушул учурда нени кааладым, өзүм да түшүнбөйм. Жөн гана алсыздыгымды моюнга алгым келбей, түштөн кийин баатырсынып жатканым окшойт. Кучагыма кысып жибердим. Тааныш адамдар бар эле, аларды да көзгө илген жокмун. Көкүрөгүм ооруп кетти. Сеники да…
– Токточу, жүрөгүм ооруп кетти!- деп көкүрөгүңдү ушалап туруп калдың.
Кечир, мен оорудум деп коём. Менден жаман сен ооруп, дил азабын тартып жүргөнүңдү таптакыр эсимден чыгарып коюпмун. Акым бар беле, сенин жүрөгүңдү дагы оорутканга… Сени менен жолукканга… Жашооңо киришкенге?!
– Экинчи жүрөгүңдү кенедей да оорутпайм,- дедим.
Убадамдан тайган жокмун. Аяшым катары колуңдан далай чай ичтим. Сен төрөгөндө алма алып бардым. Наристеңди колума кармап турдум. Анда да сендик сезим өчпөдү.
Кечир мени! Өрттөнүп жүрүп сенин күйөөңдүн, менин досумдун карындашына үйлөнүп алдым. Балким, бул өзүмчүлдүк, балким, өч алуудур… Балким, тереңде дагы деле сенден айрылгым келбегендир… Анда да унута албадым. Аялым экөөбүздүн ортобузда бала болбоду. Күндөн-күнгө чырыбыз күчөй берчү болду. Үйдө камкордук, кут, мээрим жок болсо, өз үйүңдөн да качып калат экенсиң. А силер бизден да бактысыз болчусуңар. Сыртыңардан үлгүлүү үй-бүлө болуп көрүнгөнүңөр менен, экөөңдүн тең арманыңар, ичтен сызган күйүтүңөр бар болчу. Таң калганым, бир да жолу шаңкылдап каткырып, күйөөңө ыктай отуруп бактылуу болгонуңду көрбөдүм. Ал элес менин эле жүрөгүмдө калса керек. Ошентип, ортодон беш жыл өтүп кетти. Чынжырсыз байланып, эрксиз жашоодо экөөбүз тең жанчылып бүттүк. Жакында күйөөң менен ажырашып Орусияга кетип калганыңды уктум. Не кыларымды билбей, түтүнсүз өрттөнүп жүргөн кезим. Ушул күндөрү бул ыр саптарын кайра-кайра уга берчү болдум:
Карегиңде жүргөн экен катылып,
Качандыр бир мен жоготкон асманым… Аркаңдан барам. Кабыл алар бекенсиң, кечире алар бекенсиң? Аркабыздан айтылчу сөзгө туруштук бере алар бекенбиз?! Бир жолу мококтук кылганым эле жетишет. Эми неси болсо да тобокел.
6 1 662 Время чтения: 3 мин.
Ай бооорум ай
Вааа хаха
Дагы жакшы кулкулуу болсо
Хахахаха өлө күлдүрөсүңөр го. Маанай кичине ачыла түштү.
😃😃😃😃😃
🤣🤣🤣🤣🤣