Аралаш темада

Эмнеге мындай кылдын

Бир жигит үйлөнмөкчү болуп,
бир кыз менен жолугушуга чыкты.
Кыз менен жигит сүйлөшүп, бир бирин
жактырышыптыр. Той болот. Тойдун да эртеси болот
дегендей, тойун өткөрүшүп ак нике менен жашап
жатышты. Бир күнү, аялы жолдошуна:
– «Келиңиз жарыш кылабыз» деди.
Жолдошу:
-«Кандай жарыш??» десе
Аялы:
-«Куран сүрөлөрүн жана аяттарын ким көп жаттайт
экен!» дептир.
Жолдошу макул болуптур. Күн артынан күндөр өтөр эле.
Ар дайым жолдошу аялынан көбүрөөк жаттап, аялын
жеңип коёр эле. Мындан жолдошу сыймыктанып, Куран
окууну көбөйтүрөр жана сүрөөлөрдү тынбай жаттар эле.
Бир жылга калбай жолдошу Куранды толук жаттап,
хаафизи Куран болуп жетишти.
Жолдошу өз ишине аябай сыймыктанып, Аялынын ата-
энесинин алдына барып:
-«Кызыңар менен Куран сүрөлөрүн жана аяттарын ким
көп жаттайт экен деп жарыш кылар элек. Ар
дайымкыдай кызыңар менден жеңилип калды.
Мына 30 пара Куранды жаттап алдым деп мактанат.
Бул сөздөрдөн кыздын ата-энеси
бир бирине таң калып карап:
– «Уулум, кызыбыз Куранды 9 жашында эле жаттап
бүткөн эле го??» деп жооп кылышыптыр.
Жолдошу аялынын бул ишине
түшүнө албай үйүнө келип,
Аялына:
-“«Эмнеге мындай кылдын» деп сурайт.
Акылдуу аялы:
– «Сиз менен биринчи көрүшкөнүбүздө, сизди динден
кыйла узак экениңизди көрүп, мен сизге турмушга чыгып, сизге Аллахты таанытмакчы болдум.
Сиздин тозокко түшүшүңүздү каалабагандыгым үчүн ушундай жолго бардым» деп жооп бериптир.
Жолдошу көз жаштарын эч токтото албай, жана
аялынын бул кылган айла амалына аябай чын дили
менен ыраазы болгон экен.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!