Аралаш темада

Көлдөн жагымсыз бир окуяга туш болдум

Көлдөн жагымсыз бир окуяга туш болдум. ” У рыбака” деген кафеге тамактанып кирип калдым. Маңдайыбызга 45 жаштын тегерегинде кызыл футболка кийген кыргыз “байке” үй бүлөсү жана карыган апасы менен келип олтурду. Бир убакыт өткөн соң эле баягы байке таякчан апаны башка столдо жетелеп барып олтургузуп койду. Тейлөөчү кыз апага бир чайнек чай, бир кесе суюк тамак алып келип берди. Тигил байке үй бүлөсү менен өзүнчө тамак ичип олтурушту. Баягы апа нан чайнап атып какап кетти .Бирок бири да басып барышкан жок. Берки столдогу эже чуркап чайын куюп, апанын артынан чапкылап калды. Апанын жөтөлү бир топтон кийин токтоду. Байкуш апа балдары тарапты улам кылчактап карап олтурду. Меримсиз таш боорлор тамак жеп бүтүшүп.. тиги кемпирди жетелеп чыгып кетишти. Бул эмне деген ыймансыздык? Чүкөдөй кемпир менен бир чай ичишсе болбойт беле? Качан кыргыз ата-энеге ушундай мамиле кылчу эле? Бул көрүнүш жүрөгүмдү муздатты. Мунун баары эмненин кесепети?

Автор : Элнура Кулиева

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!