Суроо берип, жообуну айтчы деп.
Уулу келип, апасына салды кеп.
Үч сулуунун, сүрөттөрүн көрсөтүп.
Табыңызчы, – келиниңиз кайсы деп.
Апакеси, карап көрүп жакшылап.
Этек – жеңин, акырындан каккылап.
Арасынан, бир сүрөттү көрсөтүп.
Ушул деди, ал сүрөттөү чапкылап.
Туура чыгып, апасынын айтканы.
Кыйынсыз э? апаке деп мактады.
Анан кантип таптың десе, – жөн эле.
Көргөндө эле, ошонусу жакпады.
Ие балам, туура жооп бердимби?
Аны көрүп, тиштей калдым эрдимди.
Өзү дагы, нак ошонун сүрөтү.
Көргөндө эле, козгоп ийди нервимди.
Автору: Таирбек Ерматов.