Аралаш темада

Эне күндөлүгүнөн

Эне күндөлүгүнөн..
Балам, ушундай күн келет мен да карыйм. Ошондо
сабырдуу болуп, мени түшүнүүгө аракет кыл. Эгер
капысынан жеп жаткан тамагымды төгүп алсам
жекийимдеримди сенин жардамыңсыз кийе албасам,
“жаш баладай” деп тилдеп, ачууланба мага.
Кичинекейиңде сен да ошенткенсин…бирок ал нерсеге
менин жүрөгүм оорубайт. Тескерисинче жылмаюу менен
эстеймин. Буларды сага үйрөтөм деп, канча убакытым,
жаштыгым, канча өмүрүм өтүп жатканы оюма да
келбеген. Бул сен үчүн убакытымды эле эмес, керек
болсо “жанымды да аябайм” дегенди билдирет балам.
Эгер чогуу сүйлөшүп отурганда, бир сөзүмдү кайра-кайра
кайталачу болсом, кыжырданып мени айыптабай айткан
сөзүмдү ук. Кичинекей кезиңде мен да сага бир эле
жомокту кайра-кайра айтып берчүмүн. А сен ал жомокту
ар дайым тыңдоодон тажабайт элең. А менин өмүр
жомогум аяктап баратат, ошондуктан менин айткан
сөздөрүмдү оор көрбөй угуп коюшуңду суранам. Эгер
азыркы замандын жаңы буюмдарына түшүнбөсөм, мени
айыптаба балам…болгону бир аз убакыт бер түшүнүп
алышыма. Анткени мен сага туура тамактанып, туура
кийинип, турмуш көйгөйлөрүнө каршы кантип күрөшүүнү
үйрөтө алганмын. Муну да эптей алышыңа ишенемин,
сенин колуңдан келет. Эгер сүйлөшүп жаткан учурда,
айтчу сөзүмдү унутуп калсам ачууланба. Эгер
билсең…мен үчүн сени менен сүйлөшүп жатканым эмес,
сен менен чогуу экендигим маанилүү. Эсиңдеби…сен
кичинекей кезиңде менден алыстоону таптакыр
каалабайт элең. Өзүңдү үйгө калтырчу болсом, “апалап”
короону кыдырып, чыр салып мени издеп жөнөчүсүң.
Кана эле азыр дагы мени издесең, менден алыстагың
келбесе…Эгер карыган буттарым мага кызмат кылуудан,
таяныч болуудан баш тартса, мага колуңду соз балам.
Жарык жашоого келип, тамтаңдап жаңыдан гана кадам
таштап жатканыңда мен колумду созгон сыяктуу. Балам,
мен сенин кулап калышыңдан коркчумун. Азыр да
корком. Ошондуктан сен да мага колдоруңду соз. Сенин
жардамыңсыз кулап калышым мүмкүн
Сени ушунчалык жакшы көрөм…
Бактылуу күндөргө таазим.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!