Ырлар

Сезимдерим

Толгонуп толкунданба сезимдерим.
Титиреп тонуп калган кезим менин.
Тоготсо тоготпосо башка бироо.
Татыктуу тентуштардын эсиндемин.

Буркурап боздобочу сезимдерим.
Базарда соода кылган кезим менин.
Бааласа баалабаса башка бироо.
Базарда базаркомдун эсиндемин.

Кайгырып капаланба сезимдерим.
Карызка батып калган кезим менин.
Кааласа каалабаса башка бироо.
Кридит бергендердин эсиндемин.

Зыркырап сыздабачы сезимдерим.
Сыноодон сынып калган кезим менен.
Сыйласа сыйлабаса башка бироо.
Светчи байкелердин эсиндемин.

Автору: Алтынбек Эгембердиев

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!