Апенди бирөөнүн короосунан шагы ийилген алмаларды көрөт да бийик дубалынан артылып араң түшөт. Мөмөлөрдү койнуна салып жатканда үй ээси көрүп калып, кубалайт. Апенди безип качып келатып дубалга жакындаганда тигиге кыйкырат имиш:
– Буттап жибер, бай болгур! Буттап жибер!