Окуялар

Бир мырза кеңеш сурады.. .

Мага бир кат келип түшүптүр. Бир мырза кеңеш сураган экен …
Чынын айтсам эмне дешти да билбей калдым…. Акылым жетеер эмес ,ошондуктан силерге алып чыгууну туура көрдүм… Ар кимиңиздер ойлонуп ,өз ойуңуздарды айтасыздар деп ойлойм ,жектебей урушпай . Автор аноним ,айта албайм ким экенин . Эмесе мындай дейт катта :
Саламатсыздарбы ?
Мен аялым менен сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнүмө эки жыл болду. Аялым аябагандай сулуу эле . Баары суктанып карашат. Чуркап жүрүп араң кол жеткизгем. Ортобузда бала боло элек . Жакшына эле жашап жүрдүк бактылуу ,бирок акыркы кездери аялымдын кыял жооругу өзгөрө баштады …
Кеч келет ,телефон менен кимдир бирөө менен жашынып сүйлөшөт. Ар убакта смс келет ,сурасам курбум же Мегакомдон келди деп койот . Мага болгон мамилеси мурдагыдай эмес ,ортобуз салкындап бараткан сыяктуу …
Бир күнү аялым сууга түшкөнү ваннага кирип кетти ,ошол кезде бар күчүмдү жыйнап телефонго келген каттарды окуй баштадым. Кечки саат алтыда “Ала Тоо ресторандан күтөм ” дегенди окуп ,шалдырай түштүм . Ким ? дедим ичимден . Кечке аялым жасанып чыгып кетти . Каяка десем курбума деп койду. Менин машинамды айдап жөнөдү. Бар жогун өз көзүм менен көрөйүн ,күмөн санай бербей чын – төгүнүн билейин деп артынан такси менен мен да жөнөдүм. Так алдына келип токтоду аялым. Жерге түшүп телефонун алып ,бирөөнө чалып ,күтүп туруп калды
Ошол кезде мен да түшүп ,аялым айдап келген өзүмдүн машинамдын артынан айланып келип дөңгөлөктүн артына жашындым . Карасам дөңгөлөгүм аябай эскирип кетиптир. Негизи кышкы дөңгөлөктү жайкыга алмаштыруу керек эмеспи ? Жай да келип калды ,ошо менен жүрө берипмин . Ошону сурайын деген элем …
Кеңеш бериңизчи ,алмаштырайынбы же жүрө берейинби ошо менен ????

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!