Анекдот - кыргызча

Жакпаса жебе

Бакиев, Текебаев анан Кулов бир аралга түшүп калышат экен. Үчөө ойлонуп, биз бирге болсок бири-бирибизге аябай тоскоол болобуз, андан көрө ар кимибиз өз башыбызча эле жан багалы деп үчкө бөлүнүп кетишет. Текебаев эртеден кечке издеп жегени эч нерсе таппай ач калат. Анан Бакиевке баргандан көрө Куловко барайын деп анын жанына барат. Барса Кулов Шашлык жеп отурат.
– Мен да жесем болобу? – деп уурдана сурайт Текебаев
– Же! – деп корс жооп берет Кулов
– Мага Бакиев эч эле жакпай жатат – деп сөз баштайт Текебаев
Кулов жамааааан карап:
– “Жакпаса жебе” деген экен.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!