Бир авамдын бир күндүк окуясы экен…😄
Казан м-н кастрюл жарактан чыкты.Ооба, күлгүлө,боткону күйгүзүп алдым,эми эмне кылайын,айла жок.Жаңы үтүк да сатып алыш керек.Үйдүн кебетесин көрсөңөр желмогуздун өзү….
Үйгө келсем тамак даяр болуп турчу.Көрсө,ал өзү даяр болбойт тура,аны бир-эки саат тик туруп жасаш керек экен.Жасап көрдүм,бир кашык жеп алып кустум.Балам апасы кеткенден бери,ысык бир нерсе жей элек.Ага майрам болду.Кола,чипсы деген нерселердин сазайын берип жатат.Зыян экенин билем,бирок айла жок.
Муздаткычта эч нерсе жок Дүкөнгө бардым.Эмне алышты билбей,баса бердим. Үйдө үч литр туздалган бадыраң бар экен.Эки күндөн бери ошону нан менен жеп жатам.Келинчегим дүкөнгө чогуу баралы дей берчү,жалкоолонуп койдум эле.Бекер кылыптырмын.Үйрөнүп алсам болмок экен.
Баса,Актөш жок,түшүнөм аны,бир жакка курсагын тойгузганы кетсе керек.Туура кылат анан не ачка жата бермек беле.Ал тамак берген аялымды көбүрөөк сыйлайт,мени эмес.Бая күнү чыксам ырылдайт 🙄 үйгө чуркап кирдим, баламдын боору эзилип калды.
Туздалган бадыраң жеп отурсам, аялым кирип келип калды.Кебетемди көрүп күлдү”Апамдан кабар алып келгенче,эмне болдуңар”, деди.Тамак жокбу сурады.Бадыраңды көрсөттүм.Дагы күлдү.
Кийимдерин которуп келип,картошка м-н жумуртка кууруп берди.Балам экөөбүз эч нерсени карабай жедик.Анан,келинчегимдин айтканындай кылып көрсөткөндөй үй жыйнаштым.Биринчи кезекте бул мага керек нерсе экенин түшүндүм.Анткени өзүмдөн,баламдан уялдым.Мындан ары кезектешип тамак жасамай болдук….
Баса, туздалган бадыраңды экинчи жебейм, көрөюн деген көзүм жок…👍😊