Аралаш темада

Жубайыма

《ЖУБАЙЫМА.》 Автор: Aikapella.

Бүгүн жумушумдан убактылуу чыкканым менен, үйгө адаттагыдан кыйла кеч бардым. Барып эле каражанымды издей баштадым, ал күндө мени тосуп алат эле, бүгүн уктап калган көрүнөт. Ошондой болсо дагы жубайымды чакыра баштадым:

– “Жаным?! Каражаным?! Жаааныыым?! Каражаааан?! Мм..мм.мм. Баары түшүнүктүү. Билем сенин эмне кылып жатканыңды. Уктап калдыңбы? Уйкучу десе, азыр мен сени уйкудан ойготом” – деп колумда сага арналган белек жана гүл менен кирсем сен таттуу уйкуда бир башкача болуп уктап жатыпсың. Эмнегедир сени аяп кеттим да, ойготпоону чечтим. Болгону ак баракка ушул сөздөрдү чиймелеп койгум келди. Бул күн биздин үй-бүлөөдө чоң майрам, жана жакшы гана көз ирмемдерди эске салчу бир башкача, жагымдуу күн десем жаңылышпаймын. Бүгүн биз таанышкан, үйлөнгөн жана туң уулубуз төрөлгөн күн. Билесиңби таанышкан күнүбүзгө толугу менен 4 жыл толоор алдында тоюбуздун датасын ошол күнгө туштап койгонбуз. Үйлөнгөнүбүзгө болсо 8 жылдын жүзү болуптур, ал эми уулубуз 7 жашка толуптур жарыгым. Көз ачып жумганча 2 уул, 2 кыздын ата-энеси болуптурбуз. Ушул 8 жыл аралыгында сага билип-билбей катуу сөз айтып, көңүлүңдү ооруткан болсом мени кечир алтыным. Ушунча жыл жашап эч эле урушпадык деп айта албайм. Казан-аяк кагышат дегендей, башкалар сыяктуу биз дагы бир азга таарыныша кетчү элек. Ал таарынышууга кимдин кошкон салымы үстөмдүк кылганын өзүбүз таразалап, өз убагында бири-бирибизден кечирим сурап, таттуу турмушубузду алга карай улайт элек. Чындыгында сен акылман жана сабырдуу аялсың. 8 жыл ичинде бир дагы кайын-журтуң менен урушпадың, өзүң билесиң турмуштун оош-кыйышын кыйла эле көрдүң. Бирок, эч өзгөрбөдүң, мурда кандай болсоң азыр дагы ошондой жансын, мага каяша сүйлөмөк мында турсун көзүмө тике карабадың. Кээде менин жумушумда көйгөй жаралып, үйгө маанайым жок келсем жылмайып мени тосуп алып, маанайымды көтөрүүгө аракет кылган сапатың азыр деле бар экени шексиз. Үйдө сен жок болсоң, жумуштан үйгө келгим келбей араң келип, эмнегедир өзүмдү башкача сезип, сенин жаныңды жай алдырбай телефон чала берчү адатым бар. Анткени мен сага үйрөнүп калганмын. А сен болсо маанайың жок болуп турса да мага байкатпоого аракет жасап, дайм жылмаясың, кантсе да мен сени жакшы билем. Экөөбүз жалгыз калганда эмне болгонун сурасам анан айтып, менден кеңеш сураган сапатыңды жогору баалайм. Менин жубайым, үйүмө жараткан тарабынан берилген периште. Ооба, периштенин гана өзүсүң. Жашоодо жубай тандоодон адашпадым. Бул үчүн сени мага жолуктурган ЖАРАТКАНга рахмат! Мага сендей жубай туш болгонуна шүгүр кыламын. Жаным сени дагы түшүнөм, азыр чарчап уктап жатасың. Күнү бою эч жаның тынбайт. Үй-оокаты, балдарыбыздын сабагы, тарбиясы, анын арасында үйүбүзгө келген, кеткен коноктор, деги эле бардык нерсе сенин моюнуңда экен. Менин жумуш убактым көп болгонуна байланыштуу бардык түйшүктү сага артып коюпмун. Бул катты уйкудан тураарың менен окуйсуң деген ишенимдемин. Жубайым, эгерде сени: “МЕН СҮЙГӨНДӨЙ СҮЙӨ АЛСА БАШКАСЫ, АЛ СҮЙҮҮДӨН ГҮЛДӨП КЕТМЕК БАКЧАСЫ. ТҮБӨЛҮК СЕНИ СҮЙӨМ!”. Катты жазып, жубайымдын баш жагына койдум. Аңгыча сыртка чыгып, сейилдейин деп чечтим. Конок тосчу бөлмө жактан жагымдуу тамактын жыты мурдума бурк дей түштү. Курсагым бир аз ачканынабы шаша конок бөлмөнү көздөй жөнөдүм. Кирсем ак дасторкон жайылып: – “БЫЙЫЛ, БИЗГЕ 12 жыл” – деп кат жазып койгонуңду көрүп, көзүмдөн кылгырып, кубанычтын жашы акты.
Ошондо сенин дагы эсиңде экенин билдим. Уйкудан тураарың менен окуйсуң деген ишенимдемин. Эң кызыгы канча түйшүк менен жүрсөң да ушул күндү эч унутпаптырсың, дагы бир жолу сенден ыраазы болдум. Жубайым сен менин, жана балдарыбыздын бактына бар бол! Сени баарыбыз жакшы көрөбүз!

Бардык мырзаларга аял затына жылуу сөз айтып, көңүлүн алып, жагымдуу белек тартуулоого тийиш! Аял затынын кылгандары көзгө көрүнбөгөнү менен өтө оор, жана жоопкерчиликтүү жумуш. Андыктан колубуздан келишинче жакшылык жасап, бактылуу кылууга аракеттенели. Аял заты назик болгону менен, жан дүйнөсү күчтүү жана таза.

Авторлору: ELmuSS&Aikapella.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!