Анекдот2

Гольф оюнун ойногонду үйрөт

Күйөөсү аялына гольф оюнун ойногонду үйрөтүп жатат.
Күйөөсү аялына:
– “Акырын уруш керек, сеники алыс учуп кетип атат, биринчиден тиги жакын турган тешикке түшпөйт, экинчиден ар жактагы килтейген үйлөрдүн терезесин сындырасың”.
Аялы:
– Макул деп кайра эле катуу ура берет.
Бир маалда бир үйдүн терезесине аял урган топ тийет.
Күйөөсү:
– “Жүр эми барып кечирим сурап акчасын төлөп берели” деп барышат.
Дарбазаны бир толук, башында чачы жок үстү жыланач киши чыгат.
– Күйөөсү:
– “Биз терезеңизди сындырып алдык элек, канча төлөп берели?” десе, тиги киши:
– “Эч нерсенин кереги жок, мен тескерисинче силерге ырахматымды айтайын дедим эле, себеби мен кувшинде 300 000 жыл жашадым, силер терезени сындырганда кувшин да сынып мен капкандан чыктым, мен деген Джинн болом бардык каалоолоруңарды аткарам, бирок бир шарт бар үч каалоо болгондуктан үчөөбүз бирден каалоо алалы кандай дейсиңер?”
Күйөөсү менен аялы сүйүнгөндөрүнөн дароо макулдугун беришет.
Анда биринчи Күйөөсү баштайт:
– “Дүйнөдөгү ар бир банкта миллион долларым бар болсун”, аялы:
– “Мага дүйнөдө бардык жеринде бирден виллаларым болсун”, анда Джинн айтат:
– “Макул азыр нотариус келип керектүү кагаздарга кол коёсуңар. Менин каалом болсо 300 миң жылдан бери аял менен болуп көргөн эмесмин, каршы болбосоңор аялыңыз менен бир жолу түнөбөйүнбү?”
Кубанып аткан күйөөсү ойлонбой макул берет.
Джинн менен аялы үстүңкү этаждан иштерин бүтүрүп келип атып джинн сурайт экен:
– “Күйөөң канча жашта?”
Аялы:
– “Эмне болду? 40 жашта”
Джинн:
– “Чоң эле киши экен, азыркыга чейин джинндерге ишенет экен…”

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!