∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Мугалим эжей Муратка:
-Мурат, “бала атты чаап келип, сууга түшүп, чөгүп кетти” деген сүйлөм англисчеге кандай болуп которулат?
– Зе бой тыкы-тык,тыкы-тык,чулуп,булк-булк-буууулк.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Айылдын өтө шум бир абышкасы айылдаштары менен көчөдөн
өткөндөрдү тамаша кыла берчү экен.
Бир күнү абышканын ити өлүп калат. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы деп, айылдын кишилери абышканы тамашалап, итине көңүл айтканы келип калышат.
Абышканын босогосун аттап эле жапырт:
-Аксакал, арты кайырлуу болсун! Сабыр кылыңыз! Итиңиз аябай
жакшы ит болчу-,деп божурап жатышса абышка:
-Ээ байбиче, чай кой эми. Актөштүн достору келиптир-,дептир жымыйып.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Эки кара далы кыз сүйлөшүп жатат.Бири экинчисине:
-Кечээ түнү караңгыда үйгө кетип жаткам. Анан эле үйдүн бурчунан бир эркектин карааны көрүндү. Бутум бутума тийбей чуркадым дейсиң, иииий…
-Иии, анан? Кууп жеттиңби?

