Окуялар

Жыртык жүрөк

Бир уйду байырлаган кандай бакыт экенин уйлуу-жайлуу адамдар биле бербесе керек. Уйго да жетээрбиз аман болсок. Батирди аран таптык, бытырап кочуп жаттык. атам тапп келеген портерге кынаптап баарын салдык. Дастан берген кинтеикалык кумду ачып караган да эмесмин. Балконго алып чыгып катып койгом. Баарын жыйыштырып, машина журуп бара жатканда баягы коробканы таштап койдум. Жолдо баратып жаны уйго кирээрим менен жаны жашоо баштайм деген ой менен телефонумдагы номерин очуруп, агенттеги почтасын кара тизмеге киргизип, оз ойлору менен маанайы суз бара жаткан атамдын жанында бушайман боло кочуп бараттык. Кочкон ото жаман! Эки кун уйду ирээтке келтирип, эртеси темселеп иш издеп жолго чыктым. Офф… келечегим туман, башым оогон жака барып жумуш издемей. Кафе, дукон, базар… пекарныйдан таптым. Уч кун стажировкага суйлошуп коюп келдим. Болду, Дастан жонундо ойлобогонго аракет кылам, ал чалса албайм, кара тизмеден чыгарбайм деп озумо озум соз бере жумушта иштеп баштаганыма бир жума болду. Кайдан? Камыр жууручу аппаратты тиктеп турганымдын менен мээм Дастанды ойлоп жатты. Каалап жатты! Чыкчы, жоголчу, оч акылымдан. Жоок, ага болобу?! Кусаланып, сагынып баштадым, кекиртегимден тамак да отпой калды. Эч ким жокто оксуп ыйлап алам. Журок тушум ачышат. Тушумо да кирчу болду. Мейли, кандай азап болсо да мен аны унутам! Кыйналганыма карабай суйуум менен алпурушам. Москага кетсем биротоло умутум узулот. “Буюрса” дебей коюптурмун. Ортодон он кун отпой агентке белгисиз бироо “Салам” деп жазып жибериптир. катардагы таанышайын деген бироо чыгаар деп “Салам” деп койдум. “Каяка жоголуп кеттин? Кайдасын?” журогум “зуу” дей, ордумдан секирип турдум. Колдорум титирей “Сизби?” деп кантип жазып жибергенимди билбей калдым. “Куттун беле?” деген суроо келди. “Сиз издединизби?” дедим мен да озуно жараша. Бир жансыл кылууну чечтим. “Ооба, таптым!)))” дейт. Телефонумдун бетине коз жашым тыпылдап тамып жатты. Бул жолу суйунучтун да, ото чон окунучтун ыйы боздоду.

Мындай болбошун алтынчы туюмум какшап жатса да, журогумо баш ийе дарегимди жазып жибердим. Кечке маал жумуштан чыксам эшиктин алдында Дастан кутуп туруптур. Бул коздорунонмага карай чыккан озгочо учкунду даана байкадым. Аалам токтоп калгандай… алдыга кадам таштай албай тиктеп тура бердим. Ал да мени карайт. Карегимди жаш тегеренип ирмесем эле кулачудай. мени коздой кадам таштаган Дастанга башымды чайкадам. Журогум бир башкача толкуп, тыпырап жатты. Байкуш журогум ошондо эле жабыркаарын билсе керек. Тез тез арыштап жаныма келген Дастан эч нерсени кутпостон турган ордумдан кучагына бекем кыса “Таптым… таптым…” деп шыбырады. Мен да аны биринчи жолу кучактадым. Бакытка ото балкып бараттым. Баарына кайыл боло копко турдук. Бир убакта колумдан жетелеп машинасына отургузуп айдап жоноду. Баарына макул боло, суйуудо алсыз бараттым. Зымырап шаардын сыртына чыгып, колумдан жетелей кооз жаратылыш коюнунда бараттык. Экообуз тен суйлобойбуз. Бизге создун кереги барбы? Экообузду суйуу башкарып баратты. Бир далай баскан сон, эн талаадагы жалгыз оскон ак кайындын жанына жеттик. Колумду аяр кармай кайындын бооруна жазылган “Аида мен сени суйом! Дастан” деген жазуунун устуно койду. Башым айлана ыйлап жибердим. Мурда эле жазылганын билинип турду. козумдун жашын аарчый. “Суранам, кетпе…” Кайрадан кучагына бекем кыса, козумо тике карай чекемден опту. Башымды ийкей, ишене албай турдум. Суйуунун алгачкы балына балкыйм. Биринчи жолу Дастанды бериле тике карадым. Ал да менден козун албай, акыркы жолу коруп жаткандай тиктейт. акырындап эриндерибиз жакындап келе жатты. Козун жумуп, берилип келе жаткан Дастандан жузумду тетири бурдум. Чын эле ал убакта апамдан башка эч ким оппогон. Кетенчиктеген мени карап жылмайган Дастан: “Кичинекей, коркогум менин, эмнеге коздорун аландап кетти?”дегенинен уялганымдан бетим кызара артка басып жонондум. Артымдан удаа жете келип жетелеше машинага жонодук. Узун жолдо бактылуу боло Дастандын жанында келе жаттым. Ал мени улам карап коет. Мен ууру кылган немедей карай албайм. Озунчо жылмайып, Дастан да ото бактылуу.
#ЖыртыкЖурок

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!