∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Атасы үйүндө гезит окуп олтурса баласы чуркап келип:
– Ата! Ата! Машинабызды уурдап кетишти.
– Ким уурдады?!
– Билбейм, бирок номурун жазып алдым.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Дарыгер:
– Күйөөңүзгө бираз тынч чөйрө керек. Мына бул тынчтандыруучу дары…
– Качан ичиришим керек муну?
– Жок, сиз ката түшүндүңүз. Бул дарыны сиз ичишиңиз керек…
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Эрте менен:
6:00 – Туруш керек…
6:15 – Мына турдум. Үчкө чейин эсептейм, андан кийин турам… Бир, эки…
9:50 – Туй атааа…
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Ресторанга кирген официанттан бир жигит бир бөтөлкө арак алып келүүнү суранды. Арак келгенден кийин оюн өзгөртүп, мунун ордуна коньяк бергилечи, деди. Коньякты ичип бүткөндөн кийин ордунан туруп эшикке карай жүрдү.
– Чоң жигит, сиз коньяктын акчасын төлөгөн жоксуз, – деди официант. Анда жигит:
– Мен ал коньяктын ордуна силерге бир бөтөлкө арак бербедимби? – дейт.
– Бирок сиз ал арактын да акчасын төлөгөн жоксуз…
– Мен ал аракты ичкен да жокмун. Эмнеге ичпеген аракка акча төлөшүм керек экен?