Анекдот - кыргызча

Аялы менен күйөөсү телевизор көрүп олтурат

Аялы менен күйөөсү телевизор көрүп олтурса жаңылыктардан жаңы закон кабыл алынганын айтып жатыптыр.
Кимде ким,эркектердин беш баласы болсо пенсияга чыгат дептир, анда күйөөсү :- Жакшы болуптур мен пенсияга чыгайын, эмне дейсиң байбиче?- десе… Аялы:
-Бизде үч бала болсо кантип пенсияга чыгасың?
Анда күйөөсү:
-Билесиңби Бишкекте иштеп жүргөн убакта сенден жашыруун үйлөнгөн элем, андан эки балам бар ошону менен бешөө болот десе ,аялы тополоң салып олтуруп акыры макул болуптур.Ошентип күйөөсү эки баласына барып келип , документтерин даярдап, айылга кайра кайтып келип, аялына:
– Балдардын документерин алып чык байбиче, алып барып тапшырып коёюн десе… Аялы:- Балдар жок дептир. Кана балдар?- десе.. Алардын да аталары келип алып кетишти деп коёт дейт.😂😂😂😆😆😆

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!