Аралаш темада

Дүнүйө

🍀ДҮНҮЙӨ…
*************
Чөлдө арстандан бир адам качып келе жатат,кайда качып жашынаарын билбей бир кудукту коруп калып ошонун ичине аркан менен тушуп кетет.
Ал аркан менен кудуктун түбүнө түшүп кетейин десе түбүндө толтура жыландар жатат, кайра ойдо чыгайын десе үстүндө арстан карап турат, анысы аз келгенсип ал асылып турган арканды бир ак бири кара чычкан кемирип баштайт.
Ошентип арканда асылып турганда кудуктун капталынан бал аарылардын уясын көрөт,акырын колу менен аарылардын балын жеп көрөт,бал абдан таттуу болот,дагы жейт,анан дагы,ошентип ал адам балдын таттуулугунан устундогу арстанды астындагы жыландарды,аркан кемирген эки чычканды унутат.
Мына достор эми ойлосок ал адам илинип турган аркан бул биздин “ӨМҮР”-ЖАШООБУЗ экен,арканды кемирген эки чычкан алар КҮН менен ТҮН экен,
кубалап келеткан арстан ал АЖАЛ, кудуктун тубундо жыландар ал КАБЫР,
ал эми ушунун баарын унуттурган таттуу бал ал “ДҮНҮЙӨ” экен.😊

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!