Аралаш темада

НАМАЗ МЕНЕН КҮЙӨӨСҮН ОҢ ЖОЛГО САЛГАН АЯЛ!

НАМАЗ МЕНЕН КҮЙӨӨСҮН
ОҢ ЖОЛГО САЛГАН АЯЛ!

Беш убак намазын өз убагында
окуучу бир аял ичкенди жакшы
көргөн бир адамга турмушка
чыкты. Ар күнү үйгө күйөөсү
ылжып масып келет, үйүнө соо
келген күнү болбойт. Динге
берилүүсү өтө күчтүү болгон
мусулман аял беш убак
намаздарынын артынан
күйөөсүнүн оңолуп кетишин
жана ичкилик деген балееден
куткаруусун Аллахтан сурап көз
жашын төгүп жалбарат. Күндөр
өтөт, айлар өтөт. Аял өз
күйөөсүнүн кызматын жакшы
аткара берет. Кумарда жүрө
турган эр өзүнүн аялынын
жакшы адебине, кылган
кызматынан ыраазы. Бирок
ага ушундай жүрүү адат болуп
калган. Мусулман аял
намаздарынан соң көз жашын
төгүп, эринин жакшылыкка бут
койушун сурайт. Түндөрү
ордунан туруп күйөөсүнүн
тынчын албайын деп башка
бөлмөгө чыгып намазын окуп
дубаа кылыт. Аллахым өзуңдүн
алдыңда күнөөкөр колдорумду
ачтым сага жалбарамын. Мени
кечир, күнөөлөрүмдү кечир, Я
раббим сага көз жашымды
төгүп жалбарамын. Сенин
ыраазылыгын үчүн окуй турган
намаздарым жана төккөн көз
жаштарым, сага болгон чексиз
ыйманым өз алдыңда туура
болсо, сенин ыраазылыгын бир
ибадат жана ыйман берсе, Эй
улуу Аллахым, ушулардын
кадыры үчүн ушул учурда уктап
жаткан күйөөмдү да кечир,
оңдоп кой, ал күнөө
иштеринен кайтсын. Күйөөмө
хидаят бер, эй раббим эй,
рахман жана рахим болгон
Аллахым, дубаамды кабыл
кыла көр. Адаттагыдай эле,
аялы намаз окуп жаткан учурда
эле күйөөсү ойгонуп караса,
жанында аялы жок, уктоочу
бөлмөдө да жок. Ал адам
шектене баштайт.
Масчылыктан башы ооруган
күйөөсү, эмнеге жанымда жок?
-деп туруп аны издей
баштайт.Доош чыгарбай
акырын бөлмөлөрдү караса,
аялы сажда кылып, колдорун
дубаага ачып көз жашын төгүп
Аллахтан сурап жатат. Эй
кечирүүчү Аллахым күйөөмдү
да кечиргин. Аялынын Аллахка
болгон сүйүүсүн натыйжасында
төгүп жаткан бул көз жаштары
ал адамдын жүрөгүндө бир
ыйман нуру болуп жаркырады
жана ал акыл эеесин жыйды. Ал
мындай деп Аллахка жалдырай
баштады. Эй кечирүүчү улуу
Аллахым мени кечир ушул
жарым түндө аялым мен үчүн
көз жашын төгүп жаткан экен,
мен болсо ал тууралу жаман
ойлорго барыптырмын. Аялым
мени кечиришиңди сенден жал
барып сурап жаткан экен мен
болсо күнөөгө батып жатам.
Бул түшүмбү? Эй раббим, мени
кечир. Сөз беремин бүгүндөн
баштап үйбүлөм менен
биргеликте сага карата
өзүмдүн кулдук милдетимди
аткарамын. Динибиздин
белгиси болгон намазды
окуймун. Кечинде, түндөрү
үйүмдө аялым менен
биргеликте намазымды окуп,
үйүбүздү нурдуу кылабыз, -деп
Аллахка сөз берди, хидаятка
жетишти.
Күйөөсүнүн бул абалын көргөн
соң жакшы пейилдуу, чыныгы
мусулман тарбиясы менен
бойго жеткен жаш айым
кубаныч көз жаштарын төгүп,
күйөөсүнүн мойнунан кучактап
кубанды жана -Эй раббим сага
миңдеген жана жүз миңдеген
шүгүрлөр болсун! күйөөмө
хидаят бердин. Намаздарымды,
дубааларымды кабыл алдың.
сага миңдеген шүгүрлөр болсун,
Аллахым, -деп кубаныч көз
жашы менен Аллахка мактоолор
жана шүгүрлөрдү айтты.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!