Ырлар

МЕН ЖЕК КӨРӨМ, ШУЛАРДЫ

МЕН ЖЕК КӨРӨМ, ШУЛАРДЫ!!!!

Мен ,жек көрөм кимдерди…..
Кемсинтип, мыйыгынан күлгөндөрдү,
Кедей деп, катарынан сүргөндөрдү.
Кең дүйнө тардык кылып, батыша албай,
Көк Итче, ав-авгалап үргөндөрдү.

Мен, жек көрөм кимдерди…
Тузуң жеп, туз баштыгың булгаганды,
Тутпайт деп, көрүнгөндү уурдаганды.
Туура айтсаң, түшүнбөстөн айып көрүп,
Тукуруп, калптан күлүп туздаганды…

Мен ,жек көрөм кимдерди…..
Мерези, жүздөрүнөн төгүлгөндү,
Мээримсиз, көрүнгөнгө сөгүнгөндү.
Мекени, бир Кыргызстан болуп туруп,
Мен Түндүк, сен Түштүк деп бөлүнгөндү.

Мен, жек көрөм кимдерди…..
Көралбас, арам ойлуу ичи тарды,
Көөдөнү, бопбош жакшы сөзгө жарды.
Көтөрүп, көкүрөгүн ичин тиктеп,
Көң сасыган оозунда сөзү барды

Мен, жек көрөм кимдерди….
Аялга, кол көтөрүп кордогонду,
Ары жок, шылтоо кылып болбогонду.
Адамдык касиетин унуткарып,
Арактын артынан кууп, оңбогонду.

Шаку. Москва.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!