Жараткан жер жүзүнө Адам🏃♂️ деген улуу пендени жаратат. Бирок байкаса, дегеле жан бүткөндүн баары экиден… “Адамга да шерик таап берейин” деп ойлогону менен, болгон каражатын адамга жумшап койгон экен. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры эркектин бир кабыргасын алып, ошондон жасамай болот💖
Аялды 💃жаратып жатып Кудай ага толукшуган айды, жаркып тийген күндү, үй-бүлөсүн кармай билсин деп кумурскалардагы биримдикти, тукум уласын деп энелик касиетти, оттун алоолонгон ысыктыгы менен муздун кашкайган муздактыгын кошот. “Мына, түгөйүң даяр, алып кет!” деп эркегине кошуп жер жүзүнө коё берет😮
Бир топ күндөн кийин эркек аялды Кудайга кайра жетелеп келет. “Мунуң мени тажатып жиберди. Көп сүйлөйт, көңүл бурушумду каалайт. Мага мындай нерсенин кереги жок, алып кал” дейт. Кудай ошентип аялды алып калат. Бир канча күндөн кийин эркек капалуу келип: “Мен ансыз андан бетер кыйналат экем. Жашоонун кызыгы кетип кыйналдым. Күлкүм өчүп, жалгыздыкка чөктүм. Кайра мага кошуп бер”,- деп жалынып-жалбарып суранат. Кудай ал өтүнүчүн да орундатмай болот. Бирок эркекти жазалап коюуну чечет: “Болуптур, алып кет. Бирок чыдамсыздыгың үчүн жаза берем. Мындан ары сүйүү деген сезимге ээ болосуңар. Силерге деген жазам ошо”,- дептир. Ошондон ушу убакка чейин Жараткандын жазасы менен эркектер аялсыз, аялдар эркексиз жашай албай, өмүр бою ээрчишип калыптыр😂😂😂🤣🤣🤣
Пикир калтыруу