Анекдот - кыргызча

Куудулдар аялдар жөнүндө

Аял деген сөздүн өзү үч тамгадан куралган менен анын тереңине жете албай келебиз. Бул ыйык зат тууралуу төрт собол салып куудулдарга кайрылганыбызда төмөнкүдөй жоопторго ээ болдук.

Аял деген ким?
Аялдар эмне үчүн көп сүйлөйт?
Аялдар эмне үчүн эркектерге караганда көп жашайт?
Аялзатысыз дүйнөнү кандай элестетесиз?

Жаныбек Алыкулов
1. Аялдар үйдүн баркы экен,
Акылы бир аз тайкы экен.
Бала эле төрөп бербесе,
Балталап салчу жан экен,-деп Байдылда акебиз эң туура жана таамай айткан. Менин оюм да ушундай.
2. Аялзаты кулагы менен укканды жакшы көрөт, бирок, укканын жеткире айта албайт. Ошондуктан алар көп сүйлөйт.
3.Аялдар өтө ишенчээк жан келишкендиктен көп жашайт.
4.Аялзаты – бул сүйүү. Сүйүүсүз жашоо – арсыз жашоо.

Абдылда Иманкулов
1. Аял – бул мээ чаккыч.
2. Көп сүйлөө – аял кишинин негизги иши да.
3. Алардын мээсин чаккан киши болбосо, ой-санаасы тынч, айтканы ушак болсо анан көп жашайт да.
4. Аялзатысыз дүйнөнү таптакыр элестетүүгө мүмкүн эмес.

Борончу Кудайбергенов
1. Аялдар эркектердин кабыргасынан жаралган тирүү жандык. Ал эми кабыргада мээ болбойт да.
2. Аялдар табиятынан эле сүйлөөк болуп жаралган. Ошондуктан алардын бул дартына каршы эркектер өбүшүүнү ойлоп табышкан.
3. Эркектердин аялдарга салыштырмалуу аз жашаганынын себеби, алардын аялдары бар. Алар күйөөлөрүнүн мээсин жей берип байкуш эркектердин өмүрү кыскарат. Ал эми аялдардын болсо аялдары жок, ошондуктан алар көп жашайт.
4. Чын-чынына келгенде дүйнөнү аялзатысыз элестетүүгө мүмкүн эмес. “Дүйнөнү аялзаты башкарат” деген жакшы сөз бар. Аял-эркек эриш-аркак болуп, бирин-бири толуктап турат.

Тынар Курбаналиев
1. Аял деген мен үчүн проблеманын баштапкы өзөгү.
2. Аялзаты көп сүйлөйт деген сөзгө мен кошулбайм. Мисалы, менин аялым сүйлөбөйт.
3. Аялдар эркектердей баш оорутуп, кол жоорутуп иш кылбаса алар көп жашабаганда ким көп жашайт?
4. Автобуста жалаң жыпжылаңач эркектердин кетип бара жатканын элестетем.

Ырысбек Жантөрөев
1. Аял деген аял, ал кыз эмес.
2. Аялдын көп сүйлөгөнү эркектен. Жалкоо эркектин аялы сүйлөөк болот.
3. Аял ар түрдүүчө жашайт: кызганчаак аял аз жашайт, кызганбаганы көп жашайт.
4. Аялзатысыз дүйнөнүн өзү болмок эмес.

Жамбыл Камчиев
1. Аял – бул эркектин кабыргасынан жаралган периште дагы, шайтан дагы.
2. Өзүнүн жашоодо ээлеген орду чоң экенин эркектин алдында далилдеш үчүн көп сүйлөйт.
3. Физикалык жактан көп жабыркабагандыктан жана мойнуна чоң жоопкерчилик албагандыктан.
4. Байдылда айткандай аялзатысыз жер да көрксүз, эр да көрксүз.

Талант Анарбаев
1. Аял деген ажыдаар, анаконда десек да болот.
2. Аялзаты негизинен көп сүйлөйт, бирок, алар бир жылда бир гана ай – февраль айында аз сүйлөшөт.
3. Тамеки чегип, арак ичпегендиктен көп жашайт.
4. Дүйнөнү аялзатысыз элестетүү кыйын, бирок, эркексиз дүйнөнү такыр элестетүүгө мүмкүн эмес.

Ильяз Агыбай уулу
1. Аял деген дүйнөдөгү эң боорукер, эң акылдуу, эң сулуу, доочу, ач көз, сараң, эң сарамжал жана фотогеничный жаныбар.
2. Аялдардын үч нерсеси узун болот: чачы, тили, колу. Чет мамлекеттерде бүгүнкү күндө ушуларды кыскартыш үчүн атайын операциялар жасалып баштаптыр. Ал эми үйдө биз аялым экөөбүз жылына бир жолу тиш доктурга барып, анын тишин тазалатып анан тилин кыскартып келебиз.
3. Дүйнө жүзүндөгү башка жашоочуларга салыштырмалуу аялзаты акылдуу калк келет. Ошонун аркасында алар көп жашашат.
4. Аялзатысыз кантип жашоо болсун?

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!