Анекдот - кыргызча

Жол канча полоса болсун?

Бир киши алтын балык кармап алыптыр.
– Каалаганың сура дептир балык.
Анда баягы киши:
– Европадан Америкага машина жүрө турган жол кур, Атлантика океанынын үстүнөн көпүрө,- дептир.
Анда балык ага:
– көп цемент, материалдар кетет, кыйын андан көрө кичине оңоюраак берчи,- десе.
Баягы киши:
– анда менин аялымды сулуу кыл,- дептир.
Анда балык:
– сүрөтүн көрсөтчү,- десе.
Киши сүрөтүн көрсөтүптүр. Балык бир топ сүрөттү карап туруп, айтыптыр:
– Жол канча полоса болсун?

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!