Ырлар

Бек Борбиев менен Илим Карыпбеков

Белгилүү ырчы Бек Борбиев менен КТРдин деректири Илим Карыпбеков жаңырган жылдын алгачкы күнүндө филармониядан кездешип калып, ошондо Бек акебиз койнунан комузун алып, Коргоолдун обонуна салып кайрып калды дейт.
Бек:
-Ээй Карыпбектин баласы,
Кылган ишин карачы.
Сокенин куттуктоосунан,
Ишиңдин чыкты чаласы.
Кыйгачынан каратып,
Тамгаларды санатып,
Обу жок начар чыгардың,
Отурган элди жадатып.
Ачуулуу Ажо болгондо,
Абакка кесмек каматып.
Таза эле болбой калганда,
Келиштире бир тепмек,
Көчүгүн ары каратып,
– дегенде Илим Карыпбеков чемоданынан комузун алып, Калыктын обонуна салып кайрып калды дейт.
-Ырчы болбой калганда,
Сынчы болмок экенсиң.
Катары менен какшыктап,
Турчу болмок экенсиң.
Мен, мурдумдун суусун арта албай,
Чимкиригим тарталбай,
Жүргөн кезде кыргызга,
Таанылганың жалганбы?
КТРчини тилдейсиң,
Бетиң деги калганбы.
Уятың болсо экинчи,
КТР ге барбай жүр.
Иштеген кишилеримдин,
Балакетин албай жүр.
Өкүртө бир төгөйүн,
Озорто бир сөгөйүн.
Өзүңдү билип алсаңчы,
Ооо, өлүгүңдү көрөйүн – деп барып токтоп, жооп күтүп калат, каадалуу акындарга окшоп.
Анда Бек:
-Боюң болсо койтойгон,
Кызмат үчүн жүгүрүп,
Кошоматка кой сойгон.
Даана маңкурт экенсиң,
Чоңмун го деп чойкойгон.
Интриган Илим деп,
Бекер айтпайт турбайбы,
Беттен алдың шыр эле,
Ким көрүптүр мындайды.
Ажылдаган тили эле,
Ажаан катын экенсиң.
Тажабаган тим эле,
Тажаал катын экенсиң.
Ориентациян соо эмес,
Мен эркекмин унутпа,
Туура болот тийишсең,
Супердеги Кылычка.
Катынсынбы, мейсиңби,
Каалаганын жейсиңби?
КТР дин жамаатын,
Каршы коем дейсиңби.
Алардын да өзүңдү,
Көрөйүн деген көзү жок.
Аран жүрөт баарысы,
Кубалап салат элек деп.
Мөөнөтү бүттү мынакей,
Жакында өзү кетет деп.
Атамбайдын тушунда,
Жемкорлук өскөн учурда.
Сапар менен достоштуң,
Суудан таза, сүттөн ак,
Аруу жанга окшоштуң.
Алдооч баштык көтөрүп,
Кара күчкө жөтөлүп,
КТР дин башына,
Конуп алган баласың.
“Белизгейт” менен сүймөнчүк,
Болуп алган баласың.
Эми өлүмүш болуп созулуп,
Сооронбайга кошулуп,
Кетейин деп жүрөсүң.
Кошпой койсо кайра эле,
Коөнүп алган АШАңа,
Жетейин деп жүрөсүң.
Сен, АША менен ырдашкан,
Фарид менен бир баскан.
Шопур менен шорпо ичип,
Сапар менен сырдашкан,
Жан экенин билебиз.
Биз мекенди сүйөбүз,
Суугуна тоңобуз,
Ысыгына күйөбүз,
Жакында кетет өзүндөй,
Мите курт деп жүрөбүз – деп катуу төгөт, Анда Илим мырза кайрадан комуздун коштоосунда төмөнкүчө төгүп кирет.
-Бийик бакка консоң да,
Билигин күйүп өнсөң да,
Бетиңе айтам баары бир,
Бектин Беги болсоң да.
Керек болсо КТР,
Берадорду Бек кылган.
Атак – данкың чыгарып,
Алай-дүлө кеп кылган.
Сен таможняны тарап жеп,
Ак үй жакты карап жеп,
Журбөдүң беле аларды,
Ойлоп алган окшойсуң….
Унутулуп калат деп – деп ырдап барып токтойт, сыягы илхому келбей калды окшойт.
Анда Бек:
Жакында жаман кеп уктум,
Жан этимди жеп уктум.
Элүү жети миллион,
Жеп алыптыр деп уктум.
Жигиттин көркү күрмөдө,
Уурунун көркү түрмөдө – деген жерине келгенде, Илим ач айкырыкты салат, аны төпөштөйм деп жулунган Бекти эл арачалап калып, айтыш аягына чыкпай калбадыбы?…
Жаңы жылыңыздар менен! Албетте азил-тамаша, жылмайып коюңуздар…

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!