Анекдот - кыргызча

Эмнени сүйлөшмөк элек

Бир жолу самолетто бай банкир менен бантикчен кичинекей секелек кыз бирге учуп калышат. Узун жолду кыскартайын деген банкир сөз баштайт:

-Ат жалына казан ас демекчи, маектешкенче кетпейлиби карындаш?

-Макул. Бир суроо берсем жооп бере аласызбы?

-Албетте, өзүм күчтүү менеджер болсом, бир нече банкты башкаргандан кийин сиздин сурооңузга жооп бербей эмне…

-Айталы, бир эле жайлоодо кой, уй жана жылкы чогуу багылат. Алар бир эле чөптү жешет. Бирок неге койдун корголу кичинекей, уйдун тезеги жалпак. Аттыкы болсо чоң-чоң жана тоголок?

-мм.. билбейт экем…

-Бокту да билбесеңиз. Анда сиз менен эмнени сүйлөшмөк элек…

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!