Аралаш темада

Бул окуя сен жөнүндө

Бир киши балык уулап жан бакчу эле. Күндөрдүн биринде адаттагыдай торун көтөрүп балык уулап келүү үчүн деңиздин жээгине барат. Ал күнү кечке тор салып отуруп бир балык кармайт, жоктон көрө жогору, бир балык болсо да ырыскым деп сүйүнүп үйүнө келет. Үйүнө кирээри менен аялы балыкты алып, аны бышыруу үчүн ашканага кирип кетет. “Бисмилла”-деп балыктын ичин жарса, ичинен бермет таш чыгат. Көздүн жоосун алган кооз ташты, жети уктаса түшүнө кирбеген берметти көргөн аял күйөөсүнө: “Кожоюн… кожоюн … караңызчы, мен бермет таш таап алдым…” Күйөөсү: “Эмне…? Бермет таш дейсиңби?, кана бери берчи!”-деп, көргөн көзүнө ишене албай бир саамга туруп калат. Заматта зергер кошунасы эсине түшөт, бермет ташты сатып акча кылайын деп анын үйүн көздөй чуркап барат. Барса кошунасы андай кымбат баалуу берметти биринчи ирет көрүп жаткандыгын, аны сатып алганга кудурети жетпестигин айтып, шаардын ортосунда соода кылган чоң зергер соодагерге барууга кеңеш берет. “Кудай, ал кулум десе ушул тура… демек мен да бай болот турбаймынбы”-деп, кыялданган балыкчы шаардагы зергерге барат. Бирок, ал дагы берметти алганга акчасы жетпестигин, андай асыл таштар чанда гана кездешерин, аны падыша гана сатып алганга кудурети жетээрин айтып падышага жиберет. Балыкчы бермет ташын көтөрүп падышанын заңкайган сарайынын жанына келип, эшигин кагып кирүүгө уруксат сурайт. Уруксат берилет, сарайга кирип падышага койнуна катып келген кымбат баалуу бермет ташты көрсөтөт. Аны көргөн падыша: “Бул, мен өмүр бою издеп таппай жүргөн бермет таш турбайбы, бирок мунун баасы аябай кымбат, аны сага кантип төлөгөндү билбей турам… Бирок мага бир пикир келди, сени өзүмдүн казынама киргизем. Ал жерде алты саат жүргөнгө уруксат берем, ошол алты сааттын ичинде эмнелерди алып чыксаң, ошонун бардыгы сеники, алган нерселериң бермет таштын баасы болсун” – дейт… Бакыттан башы айланган балыкчы: “Падышам, алты саат көптүк кылат, мага эки саат эле убакыт берсеңиз жетет-дейт”… Бирок, падыша өз чечимин өзгөрпөйт, алты саат деп айттым, демек алты саат, кирип каалаганыңды ал деп балыкчынын башын сылап казынасына киргизип жиберет. Балыкчы казынага кирип анын чоңдугуна, көз уялткан кооздугуна таң калат. Казынанын ичинде үч бөлмөлүү чоң имарат болот. Биринчи бөлмөдө алтын-күмүш, экинчи бөлмөдө жумшак төшөк, жылуу жууркандар, үчүнчү бөлмөдө болсо түрдүү тамак-аштар жана суусундуктар аябай көп болот. Жашоосунда андайды көрбөгөн балыкчы өзүнө өзү: “Мага алты саат убакыт берилди, көп нерсеге жетишсем болот, эң биринчи курсагымды тойгузуп алайын, күч топтоп көбүрөөк байлык чыгарып кетем”– деп, тамак-аш коюлган бөлмөгө кирип алты сааттын эки саатын курсагын тойгузуп отуруп өткөрүп жиберет. Үчүнчү бөлмөдөн чыгып алтын сакталган биринчи бөлмөнү карай жөнөйт, бирок ага жетпей эле экинчи бөлмөдөгү жылуу төшөктөрдү көрүп калат да бир аз уктап алайын, эс алып турсам күчүм топтолуп көбүрөөк алтын чыгарып кетем, мендей байкушка мындай мүмкүнчүлүк бир берилет деп ортонку бөлмөгө кирип уктап кетет. Терең уйкуга чөгүп уктап жаткан кезде падышанын аскерлери келип: “Тур.. ойгон.. тура кой эми акылсыз акмак! Убакытың аягына чыкты” – дейт. “Эмне деп жатасыңар..? Мен эч нерсе ала элекмин.. суранамын, мага бир аз убакыт бергиле”- деп жалынат. Аскерлер: Сага алты саат убакыт берилди, ошол убакыттын ичинде алтындарды ташып чыгып кеткениңде, аларды сатып тамак-аштын эң даамдуусун, төшөктөрдүн эң жылуусун сатып алмаксың – деп казынадан чыгарып салышат.Окуя ушул жерден бүттү… Бирок, окуядан алынчу сабактар бүтө элек.Балыкчыга берилген бермет таш бул сенин “Рухуң, жаның”, ал баа жеткис аманат байлык. Бирок анын кадырын өлүм келгенде гана билесиң. Ал эми казына дегени бул “Дүйнө” Алтын-күмүштөр болсо “Салих амалдар, намаз, орозо, зекет, хаж жана башка сооп иштер”. Жылуу төшөктөр болсо: “Акыретти унутуп капылетте жүрүү”. Ал эми тамак-аштар болсо “Алкымына ээ боло албай, напсинин азгырыгына алдануу”. Ал эми балыкчы болсо ушул окуяны окуп жаткан “сенсин”.Окуядагы балыкчынын кейпин кийип калбаш үчүн уйкуңду азайт, жылуу жуурканыңды ташта, акыретке азыгыңды камда, алты сааттык берилген өмүрүңдү текке кетирип алба!Абдишүкүр ажы Нарматов

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!