Без рубрики

Алмурут

4 жигит базарда алма сатып олтурган, карып калган кемпирге тийишмек болушат.
Бироосу барып:
– Чон апа, алмурутунуз канча сомдон?
– Айланайын балам. Бул алмурут эмес, алма да.
– Койсонузчу чон апа. Алмурут эле го, баасын айтпайсызбы эми?
– 20сом.
– Арзан турбайбы. Беринизчи бир кило.

Бир аздан кийин 2чи жигит келет да:
– Чон апа, алмурутунуз канчадан?
– Бул… алма да…
– Койсонузчу апа, канча сомдон алмурутунуз?
– …20сом…
– Беринизчи бир кило.

Анан 3-жигит келип,
– Чон апа алмурутунуз канча турат?
– 20сом… (Эч нерсеге тушунбой, оз козуно ишенбей жооп берет)
– Бир кг беринизчи.

Эми 4-жигит келип:
– Чон эне, алманыз канча сом?- десе, тиги кемпир жигитти бир, алмасын бир карап туруп:
– Ай балам алма менен алмурутту айырмалай албайсынбы? Бул алмурут да- деп коет экен байкуш кемпир.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!