Милиция кызматкери жээк бойлоп келатса, сууда агып бараткан уйдун жампасы кыйкырат: – Саломалейкум, кесиптеш! – Оозуңа карап сүйлө, мен сага кайдан кесиптеш экем?! – Кесиптеш элесиң! Анткени, сен да, мен да ички органдан болобуз да!.. ~~~~~ «Anekdot.Online» - КыРгЫзЧа АнЕкДоТтОр ДүЙнӨсҮ - «Anekdot.Club» ~~~~~ – Менин ташбакамды көрдүңбү? – Көрдүм, аның менен короодогу балдар жаңгак чагып атышат ко. ~~~~~ «Anekdot.Online» - КыРгЫзЧа АнЕкДоТтОр ДүЙнӨсҮ - «Anekdot.Club» ~~~~~ Ресторанда: – Официант, эмне үчүн вазадагы гүлдөр жасалма? – Биздин ресторан вегетериандык болгондуктан, клиенттерибиз жандуу гүлдөрдү арактын артынан жыттап туруп, чайнап салышат кен… ~~~~~ «Anekdot.Online» - КыРгЫзЧа АнЕкДоТтОр ДүЙнӨсҮ - «Anekdot.Club» ~~~~~ Гаишник жол эрежесин бузган машинаны токтотот: – Жол жээгиндеги “40” деген белгини көргөн жоксуңбу? – Көрдүм. – Анда эмнеге 100 сомго ылдам айдадың? ~~~~~ «Anekdot.Online» - КыРгЫзЧа АнЕкДоТтОр ДүЙнӨсҮ - «Anekdot.Club» ~~~~~ Эки чөнтөкчүнүн сөзүнөн: – Биздин укугубуз көз көрүнөө тебеленип, өлкөдө башаламандык, мыйзамсыздык күчөп кетти. – Анча эмне болду саа? – Кечээ, троллейбуста көзайнекчен пенсионердин чөнтөгүнөн акчасын алып чыкканча, ал шумпай манжамдагы алтын шакекти сууруп кетиптир. ~~~~~ «Anekdot.Online» - КыРгЫзЧа АнЕкДоТтОр ДүЙнӨсҮ - «Anekdot.Club» ~~~~~ Айылдык короз шаарга келет. “Народный” дүкөнүнүн алдындагы көз кызарткан гриллдерди көрүп: – Э това! Айылдагы тооктор кайда десе, шаарга келип стриптиз бийлешет турбайбы? – деген экен. ~~~~~ «Anekdot.Online» - КыРгЫзЧа АнЕкДоТтОр ДүЙнӨсҮ - «Anekdot.Club» ~~~~~ Адатынча концертке кечигип келген кыргыз орундукка көчүк басары менен жанындагыдан сурайт: – Оркестр кайсы обонду… ырдап, жок… неметип атат? – Чайковский… омей…Маяковскийдин бешинчи симфониясын. – И-ий ата-а! Бешинчисине келсем, иттей кечигипмин ээ?! ~~~~~ «Anekdot.Online» - КыРгЫзЧа АнЕкДоТтОр ДүЙнӨсҮ - «Anekdot.Club» ~~~~~ – Соңку мезгилде чиновниктердин арасында мурут өстүрмөй модага айланыптыр. – А эмнеге андай экен? ~~~~~ «Anekdot.Online» - КыРгЫзЧа АнЕкДоТтОр ДүЙнӨсҮ - «Anekdot.Club» ~~~~~
Мага жакты